203.04.2018   15:30

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Жалал-Абад облусундагы бул долбоорго кирген мектептерде уюшулган “Этноансамбль” ийримин белгилүү обончу жана дастанчы, кыргыз элинин кыйырына таанымал таланттуу айым Бурул Стамкулова жетектейт.

- Негизи мен көп жылдан бери “Эрайым” АКБсы менен кызматташ болуп келе жатамын. Буга чейин да бир канча долбоорлорду ишке ашырууга бирге иштешип, өз салымымды коштум. Эми жаңы долбоор келгенде “Этноансамбль” ийримин жетектөөгө сунуш кылышканда, убактымдын тардыгына карабай, макулдугумду бергемин жана долбоорго кирген мектептерде иш алып барып жатамын. Колуна комузду өмүрү кармабаган балдар, кыздар ийримге келишип, болушунча бул музыкалык аспапты үйрөнүп алганга дилгир. Мындан сырткары этноансамбль дегенден кийин башка улуттук аспаптарды да кошуу керек. Темир ооз комуз, рубаб, шылдырама, домбра сыяктуу аспаптарды да кошо үйрөтүп жатамын. Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак гимназия мектебинде, ушул эле райондогу Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте жана Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептерде бул ийрим иштеп жатат. Чыныгы дилгир балдар ар бир мектепте онго жетет жана алар азыркы кезге чейин алды бештен арты үчтөн күүнү мыкты өздөштүрүшүп, андан сырткары комуздун, ансамблдин коштоосунда ырдаганга да каныгып калышты. Балдардын мына ушундай өнөрүн таанытуу максатында долбоордун негизинде иштеп жаткан башка ийримдер менен кызматташ болуп, эл алдына чыгып жатабыз. Маселен, “Форум театрдын” оюнунда биз да барып, концерт тартуулап турабыз. ӨЖТ лар менен БӨЖТ лар уюштурган иш чараларга да барабыз. Азыркы кезде бардык жерде өтүп жаткан “Нооруз” майрамын белгилөө шаанисинде да биз бир катар ӨЖТ лардын ушундай салтанатына барып, ата-энелерге, айыл тургундарына концерт тартууладык - дейт, Бурул айым.

1

3

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу