228.03.2018   17:28

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген аймактын тургундарына юридикалык жардам көрсөтүү багытында иштеп жаткан Гүлнара Ташиева жыл башынан бери отузга жакын жаранга укуктук жардам көрсөттү.

Анын бир мисалы, Базар-Коргон айылынын 1988-жылы туулган тургуну М.А кайрылган. Ал күйөөсү Х.А экөө 2017-жылдын январь айында беш, үч жана эки жаштагы балдарын 1992-жылы туулган бир тууган Н. аттуу сиңдисине калтырып, Россияга иштегени кетишкен. Сиңдиси Н. болсо 17 жаштагы Н.Х аттуу өспүрүм бала менен жарандык никеге туруп, жашап алган. Эжесинин балдарына жакшы мамиле жасагандын ордуна жаш күйөөсү экөө аларды чыбык, кайыш кур менен сабап турушкан. “Шымыңды булгап алдың ” деп, үч жаштагы А ны катуу сабашканда, ал таяктын уусунан каза болгон. Эки наристе болсо, оор абалда Базар-Коргон райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алынып келинген. Бактыга жараша эки баланы дарыгерлер сактап калышты. Ал эми кылмышка шектүү жубайларды Базар-Коргон райондук милициясы толук кандуу тергөөгө албастан, эркиндикке кое берген. Мына ушундай жагдайды айтып, бир катар күч түзүмдөрүнө кайрылышкан. Бирок, биринен да жетиштүу жардам алышпаган жубайлар “Эрайым” АКБнын юристинен жардам сурашкан. Алардын арыз муңун угуп, юридикалык баа берип, сот отурумдарына чейин катышып жүрүп, жыйынтыгында Базар-Коргон райондук соту өкүм чыгарды. Кылмышка шектүү Н. 15 жылга, анын жарандык никедеги күйөөсү Х. А ны 9 жылга эркинен ажыратылды.

- Ачыгын айтканда азыркы кезде жарандар өз укугун толук кандуу биле бербейт экен, же маани беришпейт. Качан гана башына кыйын мүшкүл түшкөндө юристтин жардамына муктаж болушат. Мага күнүнө жок дегенде эки адам кайрылат. Алардын маселеси ар кыл. Ар бир кайрылган жарандарга жардамдарымды берем, маселесин кылдат угам, айрымдарынын маселеси оң жагына чечилгенге чейин бирге болом. Негизи алардын юридикалык сабатын жоюуга аракет жасаймын. Долбоордун психологу Жылдыз Калдарбекова менен биргеликте бир канчаларына психологиялык да жардамдарды көрсөтүп жатабыз. Анткени көпчүлүк тургундарыбыз жашоонун кыйынчылыгы, же өз жашоосунда кездешип жаткан моралдык, материалдык муктаждыктарды чече албай, депрессияга туш болуп калышкан. Ал эми акыркы кезде көйгөйлүу маселеге айланып бараткан пособие жана сүйүнчү пул боюнча да жарандарыбыз толук кандуу маалымат алыша элек. Ошол эле мезгилде бул маселени дагы деле чиелештирип, мыйзамды бурмалагандар бар. Ошондуктан ушундай маселе менен кайрылгандар менен тыкыр иштеп жатабыз - дейт, Гүлнара айым.

1

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу