«Эрайым» АКБнын кызматкерлери жана Этноансамбль ийриминин таланттуу катышуучулары кароо сынака кытышты
24.03.2018 18:53
“Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган Ош областынын тургундары арасында “Улуттук салтуу ырлар” кароо сынагы 2018-жылдын 19-март күнү Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылык борборунда болуп өттү.
Ал кароо сынака “Эрайым” АКБнын Ош облусундагы “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун ийрим жетекчилери Гуласал Алиева, Айтурган Абдурахманова, Сталбек Маматкулов жана Этноансамбль ийримине катышкан БӨЖТ мүчөлөрүнүн таланттуу балдары, кыздары катышып, кыргыз каганатынын VI-VII-кылымда ырдалган салттуу ырларынан «Дарди өттү» аталышындагы салтуу ырды жогорку деңгээлде аткарышып, сынак соңунда чыгармачыл топ маданият башкармалыгы тарабынан дипломго ээ болушту. Бул албетте Этноансамбль ийринин аракети жана ийгилиги.
Сынактын катышуучулары 20-март күнү Улуу Нооруз майрамынын урматына Мады айыл аймагындагы № 86-Курманжан Датка атындагы мектебинде аталган чыграманы аткарып мектеп мугалимдери, окуучулары жана ата-энелердин алкышына ээ болуп ар бир мүчө “Эрайым” АКБсы тарабынан ардак грамотасы менен сыйланышты.
Бул маданий иш-чаранын негизги максаты көчмөндөрдүн маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш тиричилигин, элдик жана эстетикалык идеяларын чагылдырып ооздон-оозго сакталып келген улуу мурасын жана улутка таандык салттуу ырларды калк арасында даңазалоо болуп саналат.
Эрлан Давлатов, Ош дубаны