024.03.2018  18:34

Үстүбүздөгү жылдын 17-марттында 3017-жылдык тарыхы бар Ош шаарындагы Ош Улуттук драм театрында Сармерден оюну болуп, анда Чоң-Алай менен Кара-Суу райондорунун таланттары беттешти.

Салтанаттын жүрүшүндө улуттук көргөзмө болуп, "Кыргыз көчү" көрсөтүлдү. Бул саамалык башталардан мурун боз үйлөр тигилип, элибиздин тарыхый мурасы болгон улуттук кийим, тамак-ашы жана кийизден жасалган кооз буюмдары, шырдак (дегеле чеберлердин колунан жасалган мурунку чачбак, сөйкө, шуру, ээр, жыгач, идиш-аяктар, балдар үчүн арналган курчактар) көргөзмөсү болуп ага Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында “Эрайым” АКБсы тарабынан уюшулган “Радуга”, “Ыйман нуру”, “Гүлбахар” ӨЖТ мүчөлөрүнөн Латипова Шаиста, Саитова Сахиба, Усманова Саодат өздөрү жасаган кол өнөрчүлүгүн келген конокторго тартуулап көрсөтө алышты.

1

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош дубаны