124.03.2018  18:15

Бишкек шаарында "Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Медиатехнологиялар Мектеби" тарабынан "Медиа аркылуу экстремизм жана жек көрүүчүлүктү жайылтуунун алдын алуу" деген аталышта үч күндүк окуу көнүгүм өтүп, ага сынактын негизинде “Эрайым”АКБсынын Ош облусундагы коомчулук менен байланыш түзүү кызматкери Давлатов Эрлан катышып “Медиада экстремизмдин жана башка терс көрүнүштөрдүн жайылышын алдын алуу” деген темадагы сертификатка ээ болуп келди.

Тынчтыкты орнотууда Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган ӨЖТ, БӨЖТнун мүчөлөрү экстремизм жана терроризмди алдын алуу жана күрөшүү үчүн улуттар арасында ар кандай иш-чараларды өткөрүп келишет. Белгилей кетсек анын бири Нооруз майрамы.

Аталган окуу көнүгүмдөн алган билимдин негизинде Эрлан Давлатов Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Шарк жана Мады айыл аймактарында Нооруз майрамын өткөрүүдө элдердин эң жакшы каада-салттарын чагылдырган, достукка, биримдике жана ынтымака үндөгөн иш-чараны “ОшТВ” телеканалы аркылуу көрүүчүлөргө тартуулаганын билдирди.

Окуу көнүгүмдө каралган олуттуу көйгөйлөрдү жана журналисттердин актуалдуу муктаждыктарын эске алуу менен экстремизм, терроризм жана ага байланышкан көйгөйлөрдү чагылдыруунун техникалары жана инструменттери жөнүндө маалымат алганын, ал эми көнүгүмдү бай тажрыйбага ээ эл аралык жана жергиликтүү эксперттер өткөрүшкөнүн аталган катышуучу кызматкер белгилеп өттү.

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош дубаны