Нооруз көркү – сүмөлөк
23.03.2018 17:21
Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым”АКБсы тарабынан “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган “Навбахар”, “Бектурсун ”, “Байбол”, “Ак ниет” ӨЖТ мүчөлөрү баш болгон 2018-жылдын 15-март күнү элдердин достугун бекемдөө максатында жана улуттар аралык биримдикти чыңдап Нооруз майрамынын урматтына сүмөлөк кайнатышты.
Бул иш-чара ӨЖТ мүчөлөрү тарабынан ар жыл сайын уюштурулуп келет. Учурда айыл тургундарынын маанайы жогору ынтымакта, биримдикте нооруз майрамын тосууга чоң даярдык көрүшүүдө. Нооруз көркү – сүмөлөк аталышыда бардык катышкан улуттар биргеликте улуттук каада-салттарды аткарышты. Ал эми эки улуттун өкүлдөрү бул майрамды жалпы элдин майрамы экенин белгилешип, иш-чара улуттар аралык ынтымак бекемделсин деген ниетте өткөрүлүп жатканын ӨЖТ мүчөлөрдөн түзүлгөн уюштуруучулар айтышты.
Эрлан Давлатов, Ош дубаны