116.03.2018  14:24

2018-жылдын 9-10-март күндөрү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында «Эрайым» АКБсы тарбынан уюшулган “Лидерлик” ийриминин активистери жана БӨЖТ мүчөлөрдүн демилгеси менен мектеп окуучуларын сергек жашоого үндөө, спортко кызыгуусун арттыруу, мектептеги рэкетчиликти жоюу менен окуудан тышкаркы иш-чараларга да жигердүү катышууга жана ошондой эле мектептер ортосундагы өз ара мамилени арттыруу, окуучулар арасындагы коомдук-социалдык абалды жакшыртуу жана достук көпүрөсүн чыңдоо максатында футбол мелдешин уюштурушту.

Ал эми достук футбол эстафетасы башталганга чейин катышуучулар үчүн окуучуларга атайын «Билимге жана илимге умтулуу, китеп окуунун пайдалары, максатты туура коюну чечмелеп берүү» туурасында “Лидерлик” ийриминин жетекчиси Давлатов Эрлан айтып берди.

Белгилей кетсек “Эрайым”АКБсынын Ош облсусундагы долбоор тирекчиси Икрам Исраиловдун жана БӨЖТ мүчөлөрдүн, лидер окуучулардын айтымында достук мелдеш Шарк айыл аймагындагы №116-Абу Али ибн Сина атындагы мектебинин “Достук” футбол аянтчасына уюштурулуп ага Хамза мектеби жана №132-Мачак мектебинен 2 команда катышып, жалпы 3 мектептен чыккан командалар эң мыкты оюн көрсөтүшүп бири-бирине болгон ишеними күчөп, достугун бекемдей алышты дешет.

Бул спорттук иш-чара “Достук футбол эстафетасы” мында ары Мады айылындагы №86-Курманжан Датка жана Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы №117-К.Маткеримов мектептеринде өткөрүлөрүн уюштуруу тобу билдирди.  

4

2

3

5

Эрлан Давлатов, долбоордун Ош дубаны боюнча PR-адиси