Жыл ичиндеги “Эң мыкты” өз жардам тобу аныкталды
06.12.2017 16:39
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында уюшулган 17 ӨЖТ топтун ичинен “Гүлбахар” ӨЖТсы 2017-жылда “Эң мыкты ӨЖТ” болуп “Эрайым” АКБсы тарабынан аныкталды.
Анткени “Гүлбахар” ӨЖТ мүчөлөрү жыл ичинде үнөмият багытында 150 000 сом насыяны Эрайым Берекеден алышып аны соодага, дыйканчылыка иштетип, өздөрүнүн үй-бүлөсүнө жакшы киреше алып келишти, аны менен бирге үй-бүлөлөрдүн жашоо шартынын деңгээли көтөрүлдү. Бул топ тирилик, экологиялык, шыкактоо жана талам талашуу багытындагы ар кандай окууларга катышуу менен ӨЖТ мүчөлөрү өздөрүнүн айылындагы, көчөсүндөгү көйгөйлөрүн жигердүү чечүүнү үйрөнө алышты.
“Гүлбахар” ӨЖТсы көтөргөн демилге бардык ӨЖТны өз кучагына алды, себеби аталган топтогу мүчөлөр Шарк айыл аймагындагы жергиликтүү депутаттарга кайрылган маселенин негизинде мектепке күн сайын каттаган балдарды басып калуу коркунучу бар Аношина көчөсүндөгү бетон дубалдар алынып, ордуна жаңы коопсуз дубалдар курулду. Эми мындан ары мектеп окуучулары жана БӨЖТ мүчөлөр аталган көчөдөн күн сайын коопсуз мектепке келе алышат.
Жогоруда аталган ӨЖТ мүчөлөрдүн жыл ичиндеги эң жакшы ийгилиги бул 3 жылдан бери чечилбей келген таза суу көйгөйүн чече алышты. ”Гүлбахар” ӨЖТсы көтөргөн демилге 2017-жылдын октябрь, ноябрь айларында ишке ашып, Шарк айыл аймагындагы Шарипов, Навбахор, Газиев көчөлөрүн камтыган 1.5 чакырым аралыктагы суу түтүктөрү тартылды. Айыл өкмөтү менен элдин өнөктөштүгүндө шыкактоо жана талам талашуу иштери жүргүзүлүп, жашоочулар тарабынан 350000 сомдук жумушчу күч кошуу менен башка ӨЖТдан айырмаланып эң жогорку деңгээлде уюштуруу иштерин жүзөгө ашырышты.
Эрлан Давлатов, долбоордун Кара-Суу району боюнча PR адиси