104.12.2017  16:39

2017-жылдын 21-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылында Улуу Британиянын CAF (Charities Aid Foundation) кайрымдуулук уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Аймактарда ӨЖТ Биримдиктерин түзүү” долбоорунун алкагында “Аракет”, “Насыят”, “Асема” жана “Ынтымак” өз жардам топторунун башын бириктирген ӨЖТ Биримдигин түзүү боюнча жалпы жыйын болуп өттү.

Бул иш чарага жогоруда аталган ӨЖТнун өкүлдөрү, “Чоң Сары-Ой” айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Абдыкалыков, Сары-Ой жана Бает айылдарында мурда уюшулган ӨЖТ Биримдиктеринин өкүлдөрү, “Эрайым” АКБнын төрайымы Рахила Жусупова, ӨЖТ тирекчилери Абдылас Кошумбаев, Эльмира Сепишова, “Эрайым Береке” кичи каржылык агенттигинин кызматкери Алтынай Сабырбекова катышты.

6

Жыйынды “Эрайым” АКБнын ӨЖТ тирекчиси Абдылас Кошумбаев модератор катары ачып, программа боюнча алгачкы сөздү “Эрайым” уюмунун Ысык-Көл району боюнча ӨЖТ тирекчиси Чынара Кыдыралиевага узатты. Ал өз сөзүндө Өрнөк айылындагы ӨЖТнун түзүлүү жана өнүгүү тарыхына кеңири токтолуп, Өрнөк айылында “Эрайым” уюмунун долбоорлорунун негизинде түзүлгөн 6 ӨЖТнун ичинен 4 ӨЖТ туруктуулукка жеткенин жана ӨЖТ Биримдигине бириккенге бышып жетилгендигин белгиледи. Андан соң “Эрайым” уюмунун төрайымы Рахила Жусупова ӨЖТнун Биримдиктерин түзүү боюнча республиканын башка аймактарында “Эрайым” уюму жүргүзүп жаткан долбоорлордун иш- аракеттери жөнүндө кеңири айтып берди. Уюмдун кызматкери Маматказы Капаров Индия өлкөсүнүн ӨЖТнун тайжырбасы жана Түштүк Кореянын “Жаңы айыл кыймылы” (Сэмаыль Ундон) программасы жөнүндө баяндап, “Сэмаыль Ундон” жөнүндө даректүү фильмди катышуучулардын назарына тартуулады.

2

ӨЖТун жана ӨЖТ Биримдиктерин насыялоо боюнча “Эрайым Береке” кичи каржылык агенттиктин кызматкери Алтынай Сабырбекова маалыматтарды берип, берилген суроолорго жооп берди.

Катышкан коноктордун катарында “Чон Сары-Ой” айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Абдыкалыков ӨЖТнун Биримдиктери менен биргелешип жергиликтүү деңгээлде аткарылып жаткан тирлик, маданий иш- чаралары жөнүндө ой- пикирин ортого салып, адамдардын замандын талабына жараша аң-сезимин өзгөртүү керек экенин, бул багытта ӨЖТнун иш-аракеттери жакшы таасир берерин баса белгиледи. Сөзүнүн аягында ӨЖТ жана алардын Биримдиктери менен мындан ары да биргеликте иш-чараларды уюштуруп, өнөктөш катары кызматташууга даяр экенин билдирди.

11

ӨЖТ Биримдигин түзүүнүн тартиптерине ылайык Жалпы жыйынга катышкан 4 ӨЖТнун өкүлдөрү Биримдиктин жобосуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана сунуштарды талкуулап, ӨЖТ Биримдигине ар бир топтон 2 өкүлдөн сунушташты. Жыйынтыгында ӨЖТнун өкүлдөрү Өрнөк айылынадагы ӨЖТнун Биримдигинин жобосун бир добуштан кабыл алышып, Биримдиктин өзөгүн түзүүчү өкүлдөрүн шайлап беришти. Өз кезегинде шайланган өкүлдөр Биримдиктин жетекчисин, катчысын жана эсепчисин шайлашты. Шайланган Биримдиктин ордосун Жалпы жыйын бекитип берди.

5

ӨЖТ Биримдигин түзүүдө долбоорго жигердүү катышып жүргөн ӨЖТ мүчөлөрүнө “Эрайым” аялдар коомдук уюму тарабынан ыраазычылык баракчасы салтанаттуу түрдө тапшырылып, иш-чара “Көл ажары” тобу тарабынан уюшулган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

4

7

8

9

10

12

13

14

 Абдылас Кошумбаев, “Эрайым” АКБнын ӨЖТ тирекчиси