“Ыраазычылык айтуу” кездешүүсү
30.11.2017 16:41
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген мектептерде “Англис тили” ийримин жетектеп жаткан Айсулуу Орозова чет тилин азыркы талапка ылайык, тереңдетип үйрөтүүнүн ыкмаларын колдонуп келет.
Анын бир мсалы катары Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбев атындагы жатак мектебинде жана Исак уулу Тешебай атындагы орто мектептеги ийримге катышып жаткан балдар менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы “Америка ордосу” борбордун кызматкерлери “Thanksgiving Day”, же “Ыраазычылык айтуу” жолугушуусун уюштурду. Мындагы башкы максат балдар англис тилиндеги китептер, ар кандай көргөзмөлүү куралдар, жабдыктар менен таанышып, борбордогу чет элдик адистер менен маектешип, баарлашып, өздөрүнө бир топ билим азыгын алуу.
- Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы Алым Усман атындагы №7 орто мектебиндеги ийрим мүчөлөрүн ушул борборго алып келгенмин. Ал учурда балдардын кубанычтары чексиз болуп, мындагы ар бир көрүнүшкө суктанышып, анан борбор жакын болгондуктан кезек-кезек мында келип турууга уруксат алып кетишкен. Эми атайын жол арытып Базар-Коргон жергесинен келген 21 окуучу “биз дагы бул борборго убактыбызга карап,келип туралы, себеби, теория жүзүндө алган билимибизди бул жерде практикада колдонуууга толук шарт бар экен”-дешип, мындагы чет элден келген адистер менен кызыктуу маектешүүлөрдү уюштурушту. Алар ийримдин сабактарында үйрөнгөдөрүн айтышып, текс окуп, ырларды айтышып, оозеки баарлашууларды жүргүзүштү. Борбордогулар балдар үчүн атайын таттууларды тартуулап, белектерди да беришти. Дегинкиси жолугушуунун ар бир ирмеми балдар үчүн унутулгус жана эсте калаарлык маанайда жүрдү-деп белгилейт Айсулуу айым. “Ошондой эле мындай кездешүулөрд дагы да улантыла берет. Анткени ийримдин катышуучуларынын саны элүүдөн ашат,дагы келип катышууну каалоочулар арбын. Андыктан алардын ар бирин борбор менен тааныштырып, билим азыгын жогорулатуу менин негизги максатым. Анын үстүнө азыркы технологиянын заманында балдардын талабы да күчтүү жана алар көптү билгилери келет” - деп кошумчалады.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу