Айыл калкы юридикалык жардамга муктаж
30.11.2017 15:56
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” аталышындагы долбоордун алкагында уюшулган юридикалык жардам көрсөтүү кызматы элеттиктер үчүн бир катар укуктук жардамдарды берип жаткандыгы жакшы жышаана болду.
Аны айрыкча долбоорго кирген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарындагы айыл-кыштактардын тургундары баса белгилеп жана долбоордун юристи Гүлнара Ташиеванын кызматына ыраазычылык билдиришүүдө. Алар мындай ойлорун “Эрайым” АКБсынын облусттагы кеңсесине келип, билдирип жана баталарын берип кеткен учурлар көп эле болуп жаткандыгын долбоордун облустагы ӨЖТлар боюнча тирекчиси Кишимжан Боронбаева билдирүүдө. Ал эми юрист Гүлнара Ташиеванын айтымында жыл башынан бери канча адамга юридикалык жардам бергендерин санап бүтө албайт, себеби, бир күндө ага бери жагы эле беш-алтыдан адам кайрылат. Алардын ар бирин кабыл алып, анан кандай жардам керектигин билип, мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамын берет. Ушундай ирмемдерден эсте калганы Акман айыл аймагына караштуу бир катар айылдардын тургундарынын Жогорку Кеңеште каралып жаткан жаңы төрөлгөн наристелер жана жашы жете элек балдарп үчүн төлөнүүчү жөлөк пулдун жана бул боюнча мыйзам тууралуу толук кандуу билгилери келет жана ушул багытта кеңири маалымат берүү үчүн юристти жолугушууга чакырышкан. Мына ушундай кызыктуу кездешүү менен баарлашуу Жети-Кошкон айылында болду. Ага көп адамдар катышып, суроо берип гана чектелишпей, алар да өз сунуштарын айтышкан. Мисалы, “жаңы мыйзам боюнча жаңы жылдан тартып жаңы төрөлгөн наристеге сүйүнчү катары 4 миң сом акча төлөнөт, ошол наристе үч жашка чыкканга чейин ай сайын 700 сом акча, үч баладын жогорку балдар 16 жашка чыкканга чейин 500 сомдон төлөнөт деп айтылат. Албетте, бул жакшы, бизди кубандырат, бирок, ал каражат кайдан төлөнөт, булагы кайда?” деген суроону орочундуу коюшту. “Анткени, эгер мамлекеттик бюджеттен каржыланса жылына эле 8 миллиард сом акча керектелет экен. Ошончо каражатты мамлекет кайдан табат?”- дешти. Бул суроо албетте орчундуу, демек, катуу талкууну талап кылат. Мен болсо элге мамлекет тарабынан төлөнүүчү сүйүнчү жана жөлөк пулду алуунун жол-жоболору жана тиешелүү документтреди кантип даярдоо керектиги тууралуу маалымат бердим-дейт, юрист Г.Ташиева.
Мындан сырткары жер үлүштөрү боюнча талаш-тартыштар, алимент ала албай жүргөндөр,турак жай маселеси, дегинкиси жашоодо кездешкен ар бир маселенин айланасында кайрылып жатышат. Ар бир кайрылган жарандардын өтүнүчүн жоопсуз калтырбайт жана айрымдарынын маселесин чечүүдө сот процесттерине чейин катышып жаткандыгын белгилейт.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу