102.11.2017  11:21

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” АКБсы тарабынан уюшулган психологиялык көчмө клиниканын ко-тренер, психологу Анарбаева Дилфуза жана “Эрайым”АКБсы менен өнөктөш катары иштешкен “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду менен бирге 2017-жылдын 26-октябрында Ош шаарында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын калыбына келтирүү борборунда уюшулган иш чарага Кытай өлкөсүндө 12 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен тыгыз иштешкен Америкадан келген тажрыйбалуу адис Жулин Калхаят жана ОшМУнин филология илимдеринин магистри Бетси Беккер келип мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен жолугушту.

Аталган иш чарага Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында ачылган психологиялык көчмө клиникадан жардам алган мүмкүнчүлгү чектелген балдардын энелери тажрыйбалуу адистер менен баарлашып керектүү болгон психологиялык, медициналык жана педогогикалык жактан кеп-кеңештерин алышты. Бул жолгушууда белгилей кетсек мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган атайын 1 саатык программанын негизинде окуу көнүгүм ойнотуу ыкмалары менен уюштурулду. Бул жолугушуунун жыйынтыгында жалпы катышуучулар балдардын тарбиялануусуна керектүү болгон конкреттүү маалыматтарды алганын айтып өтүштү. 

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу