“Бала жылмайса - аалам жылмаят”
02.11.2017 10:49
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында ачылган “Эне мектептеринин” жетекчилери жана тарбиячылары үчүн “Бала жылмайса, аалам жылмаят” аталышындагы семинар өткөрүлдү.
Анда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуунун интерактивдүү усулдарды колонуу аркылуу наристелердин билим сапатын жогорулатуу” темасы кеңири талкууланды. Ал иш-чара Базар-Коргон айыл аймагында ачылган “Раяна” Эне мектебинин базасында уюштурулду жана анын демилгечиси аталган бала бакчанын башчысы Анара Ысакова болду. Талкууга коюлуп, башка тарбиячылардын иш тажрыйбасын бөлүшүү багытында жүргөн семинарды да Анара айым өзү жүргүздү. Ага элүү адам катышты. Семинар сабак өтүү, балдар арасында кызыктуу оюндарды уюштуруу жана үйрөнүү багытында жүрдү. Бул Эне мектеби 2015-жылы уюшулган, азыр 180 бала бар жана аларга тарбия берүү багытында 9 тарбиячы иштейт. Андыктан ар бир тарбиячы өз иш тажрыйбасынан бөлүштү. Мында “Комплекстүү сабак өтүү”, “Сөз өстүрүү”, “Геометриялык фигуралар”, “Сабак эстафета” жана “Күзгү майрам” деген бөлүктөр боюнча сабак өтүлдү. “Мына ушул өңдүү тажрыйба алмашуу, үйрөнүү багытындагы иш-чаралар тез-тез уюшулуп турса, бизге чоң пайда экен” деген сунуштарын айтышты катышуучулар. Ал эми долбоордун Эне мектептери боюнча тирекчиси Дилфуза Назаралиеванын айтымында “долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунда 20 Эне мектеби ачылып,иштеп жатат. Алардын жетөө бюджетке киргизилген, бирөө менчик калгандары кыска мөөнөттүү Эне мектептери болуп саналат. Жалпы азыркы кезде 917 бала тартылган. Долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон жана Акман айы аймактарынын башка айылдарында да Эне мектебин түзүү максатын койгондор чыгып жатат. Алар үчүн да окутуу семинарларын уюштуруп жатабыз”- дейт Д.Назаралиева.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу