502.11.2017   09:55

Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалышырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген мектептерде “Этноансабль” ийрими балдардын салттык музыкага кызыгууларын артыруу, улуттук аспаптарды үйрөнүүлөрүнө шарт жаратууда чоң өбөлгө болуп жаткандыгы байкалат.

Аталган ийримди жетектеп жаткан белгилүү дастанчы жана обончу, аткаруучу Бурул Стамкулованын айтымына караганда ийримге катышып жаткан балдар үчүн комуз, ооз комуз алып берип, алардын туруктуу жана үзгултүксүз машыгууларына камкордук көрөт. Ошондой максатта зарыл болгон учурда өз каражатынан да мындай музыкалык аспаптарды сатып берүүгө туура келүүдө.

Долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин 8-классынын окуучусу Давид кызы Шекергүлдүн жетишкендиги тууралуу өзгөчө белгилеп айтууга болот. Анткени анын бир тууган эжеси Үмүтай да ушул долбоор аркылуу ийримге катышып, Бурул айымдын колунан комуз үйрөнгөн. Ал азыр Жалал-Абад мамлекеттик университетинин биология факультетинде билим алуу менен аталган окуу жайдагы маданий-массалык иштерине активдүү катышып, комуздун коштоосунда ырдап, таланты аркылуу таанылып жүргөн кези. Ал музыкант болууну самайт, кезинде ата-энеси анын музыкант болуусуна каршы турушканын жашырбайт. Кыздын таланты чоң экендигин байкаган ата-энеси азыр ага эч кандай тоскоолдук жаратышкан жок. Ошол себептен эми мындан аркы тагдыр жолун музыкага арнагысы келет. Ал эми комузду жаңыдан колго алган Шекергүл болсо кыска аралыкта эле комуз күүлөрүн үйрөнүп, ага үн коштоп ырдай баштады. Ал 9-классты аяктап, музыкалык окуу жайлардын бирине тапшырууну ойлоп жатат. “Бул эки кыздын ата-энеси абдан жакшы адамдар. Атасы Парманов Давид азыр Россияда иштеп жүрөт, кыздары үчүн комуз сатып берди. Кезек-кезек мени менен байланышып, кыздарынын жөндөмүн сурап турат”- дейт ийрим жетекчиси Бурул Стамкулова. Дагы бир музыкага ынтызар кыз Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептин окуучусу Самида Курбанова. Ал ийримге быйылкы окуу жылдан баштап эле катышып жатат. Ал дагы кыска аралыкта ооз комузду жакшы үйрөнүп, комузду болсо терип черте баштады. “Самида өтө зээндүү кыз, кандай тапшырма берсең, аны дароо өзүнө сиңирип алат, дал өзүндөй кылып кайталайт. Музыкалык кабылдоосу күчтүү” - деп белгилейт Бурул айым.

2

3

4

1

6

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу