Этноансамбль жана форум – театр ийримдеринин мүчөлөрү Захриддин Мухаммад Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрына барышты
20.10.2017 17:18
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл - Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №86- Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептептеринде “Эрайым” АКБсы тарабынан уюшулган этноансамбль жана форум-театр ийримдеринин 28 мүчөсү кыргыз маданиятына салым кошкон искусство чеберлери жана алардын маданиятка кошкон салымы ошондой эле театр тарыхы менен таанышуу максатында 2017-жылдын 17-октябрь күнү Захриддин Мухаммад Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрына 2 сааттык программанын негизинде барып таанышып келишти.
Бул иш чарада жалпы катышуучуларды аталган театрдын кызматкерлери жылуу маанай менен тосуп алышты. Анда театрдын тарыхы, театрда иштеген актёрлор жана алардын чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар менен этноансамбль ийриминин жетекчиси Гүласал Алиева өзү кенен тааныштырып өттү. Белгилей кетсек өлкөбүздүн атынан ушул жылдын 10-ноябрнан 20-ноябрна чейин Лондондо өтө турган “Улуу Шекспирдин Ричард III” спектаклин аталган театрдын кызматкерлери Лондондогу көрүүчүлөргө тартуулашат. Ушул спектаклде башкы ролду жараткан КРнын эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков агайыбыз катышуучуларга өзүнүн байсалдуу чыгармачылыктагы жолун, андагы оош-кыйыштар, кызыктуу окуялар, ийгиликтер жана актёрдук чеберчилик тууралуу көп маалыматтарды айтып берип, иш чара соңунда “Улуу Шекспирдин Ричард III” спектаклинен кыскача үзүндүсүн ойноп көрсөттү. Бул кадам ийрим катышуучуларынын айтуусу боюнча мындан арыда байма-бай болуп туруусун белгилешти анткени бул иш чарадан мүчөлөр өздөрү кызыккан көп суроолорго жооп алышып, чыгармачыл инсандар менен жолугушуу кызыктуу болгонун айтышты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу