БӨЖТлар үчүн кызыктуу машыктыруулар
20.10.2017 17:11
Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму тарабынан колдоого алынып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси аркылуу Ош жана Жалал-Абад облустарында жүзөөгө ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынымагын бекемдөө” долбоору кучагын кенен жайып бараткандыгы байкалат.
Анткени анын алкагында эки облустун долбоорго кирген айыл аймактары жана мектептеринде чоңдор менен мектеп окуучуларынын активдүүлүгү артып, демилгелүү иш-чараларды уюштурушуп жана көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдорун издеп келишет. Ал үчүн эң алдын жетиштүү билим алуу, коомдогу болуп жаткан өзгөрүү, алга жылуулар тууралуу жетиштуу маалымат алуу, ошол эле мезгилде заманбап технологияларды өздөштүрүү зарылдыгы бар. Ушул өңүттөн алганда долбоордун жаңы баскычында иш алып барган машыктыргычтардын жардамы чоң экендиги талашсыз.
Долбоордун Жалал-Абад облусу боюнча машыктыргычы Жанара Рыскулова долбоорго кирген Жалал-Абад шаарындагы Алым Усман атындагы, Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто жана Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебиндеги БӨЖТлар үчүн машыктыргыч сабактарды,окутууларды уюштурууну улантып жатат. Анын белгилөөсүндө “жыл башынан бери аталган мектептердеги Балдардын өз жардам тобунун мүчөлөрүнө “Команда түзүү” жана “НПО жана чөйрө” аталышындагы машыгуу сабактарын өтүп бүттү. Ар бир сабакка активдүү катышкан балдар тема боюнча жетиштүү түшүнүк ала алышты. Эми “Социалдык өнөктөштүк” деген темада машыктыруу сабактарын өтүп жатат. Негизи балдар жаныны билгенге кызыктар жана ар бир сабакты кызыктуу, көргөзмөлүу куралдар,акыркы технологиялардын жардамы менен өткөнгө муктаж. Андыктан ар бир сабакты өзгөчөлөнтүп, балдардын табитине, талабына жараша өткөнгө аракет жасап жатабыз” - деп белгилейт Ж.Рыскулова.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу