620.08.2017   13:30

Кыргыз мамлекетинин ички турмушундагы башкы көйгөйлүү маселелердин бири мектеп жашына чейинки балдарды камкордукка алып, аларга толук кандуу таалим-тарбия, билим берүү менен катар мектепке даярдоодо Балдар бакчаларынын жетишпестиги. Айыл жергеси түгүл шаарларда да ушул маселе башкы орунда туруп келет.

Мына ушундай кырдаалдан аз да болсо чыгуунун жолун издеген “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык кайрымдуулук фондусунун каржылоосунда “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун,ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорун ишке ашырууда жана анын бир компоненти катары бакчага барбаган балдарды боорго тартып, Эне мектептерин иштетип жатат. Анын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында Эне мектептери ачылган.

Мына ошол балдар үчүн айрыкча ата-энеси сыртта мигрант катары иштеп жүргөн, чоң ата менен чоң эненин тарбиясында калгандарды, ата-энеси жок же көп үй-бүлөлүү чөйрөдө, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашап жаткан балдарды камкордукка алган мындай жайлардын жетекчилеринин башын кошуп, Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылында иштеп жаткан “Аруузат” Эне мектебиндже тажрыйба алмашуу семинары өттү. Аны “Эрайым” АКБсынын эксперти, Бишкек шаарындагы №86 Балдар бакчасынын директору, Эне мектеби боюнча тажрыйбалуу адис Дильнара Майгулакова алып барды. Мындай маанилүү иш чарага Ош, Жалал-Абад облусунан сырткары Бишкек шаарынан жана Кемин районунан өкүлдөр келишти.

Тажрыйба алмашуу иш-чарасынын күн тартиби боюнча адегенде “Эрайым” АКБсы тарабынан ишке ашырылып жаткан аталган долбоордун Ош облусу боюнча тирекчиси Икрам Исраилов, ушул облустун Эне мектептери боюнча тирекчиси Гүлкайыр Жолдубаева жана башка өкүлдөр киришүү сөздөрүн, куттуктоолорун жана каалоо-тилектерин айтып кетишти. Тажрыйба алмашуу үчүн, билбегендерин билип, өз иш аракеттерине пайдалуу жактарды алып кетүү үчүн келгендер ушул Эне мектебинин турмуш абалы менен да таанышып чыгышты. Дильнара Майгулакова Эне мектептери тууралуу, анын милдеттери, аткарган кызматы, озуйпасы,алдыда турган максаттар тууралуу кеңири баяндама жасады. Анын айтымында “азыркы кезде Бишкек шаарында 19 Эне мектеби, Кемин районунда төрт, Ош облусунда 18 жана Жалал-Абадда 18 Эне мектептери толук кандуу иштеп жатат. Кыргызстандын түштүгүндө жакшы колго алынып жаткан Эне мектептери эми жалпы Кыргызстан боюнча жайылтылып, кеңири колго алынып, “Кыргызстандын Эне мектептери” деген аталышка ээ болуусу керек. Мына ушундай максат менен иштеп жатабыз, буюрса ага жетебиз. Анткени, сиздер аткарып жаткан тажрыйба ага далил боло алат. Ар тараптан колдогондор, “мен да Эне мектебин ачат элем” дегендер көп болуп жатат. Биз андайларга тилектеш гана болобуз жана жардамыбызды беребиз. Ошол эле мезгилде жергиликтүү бийлик менен кызматташ иш алып барабыз. Анткени биздин балдар кароосуз калбашы керек. Алар тилинин, өңү-түсүнүн айырмачылыгына карабастан бирдей билим алууга, ар тараптан камкордукка алынууга тийиш” - деди. Ошол эле мезгилде бул ирет өтүп жаткан тажрыйба алмашуу семинарынын башкы багыты Эне мектептериндеги балдарды мектепке даярдоо жана узатуу, ата-энелери менен тыгыз иш алып баруу, баланын психологиясы, жан дүйнөсү, ички ой-туюмдары менен иштеше билүү экендигин кошумчалады. “Эне мектептерин ачып коюп эле, “болду, мен иш жасап жатам” деген болбойт. Ошол мектепке тартылган ар бир бала менен жеке иштеше билиш керек. Ал бала эмнени ойлойт, ал баланын жан дүйнөсүндө эмне бар, айланасында кандай адамдар жашашат?” деген сыяктуу суроолорго жооп издешибиз керек”- деп, белгиледи.

Баса белгилей кетели, тажрыйба алмашуу иш-чарасы өтүп жаткан “Аруузат” эне мектебинин жетекчиси Жылдыз Капарова. Бул жай Союз мезгилинде мончо катары курулуп, бирок, ишке кирбей жатып, ташталып калган болчу. Кароосуз калган жайды сатып алып, эки кабат кылып куруп, адегенде жеке турак жай катары салышкан. Себеби, алты уул, бир кызы болгондуктан,уулдарына жай болуп калсын деген ниетте болгон. Кесиби мугалим. Балдар менен көп жыл иштеди. Мектепте, Балдар бакчасында иштеп, балдарга жакын эле. Акыркы кезде айылда бала бакчанын жоктугу, кичинекейлердин көчөдө ойноп жүргөнүн, анан мигранттардын балдары кароосуз калгандарын көрүп, жүрөгү ооруп жүргөн. Ушундай күндөрдө “Эрайым” АКБсынын Ош облусу боюнча тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиевага жолугуп калып, Эне мектебин ачуу сунушун алат. Бишкекке барып, атайын окуп, теориялык жактан билим алып кайтат. Өткөн жылы сентябрь айында бул жайды ишке киргизип, ички жабдыктарын алып, ишке киргизет. Азыр айылдагы элүү бала ушул жайды экинчи үй, мындагы үч тарбиячы менен эки алардын жардамчыларын экинчи эне катары көрүп калышты. Жети бала акысыз кабыл алынган.

Тажрыйба алмашуу иш-чарасынын жүрүшүндө ушул эле айыл аймакка караштуу Коммунизм айылындагы “Алтын балалык нуру Эне мектебинин турмуш абалын да көрүштү. Анын жетекчиси Рано Якубованын айтымында “Эне мектебин 2016-жылдын август айында өз үйүндө ачкан, Өмүр шериги Эргеш Якубов анын ишине жакындан жардам көрсөтүп, жайды даярдоо, эмеректерди алуу, жасалгалоо иштерин өзү колго алган. Ал Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты катары башка маселени чечүүгө да жардамын көрсөтүп келет. Азыр алардын колуна айылдагы 76 бала келет. Айта кетели бул айылда буга чейин дегеле Бала бакча болгон эмес. Кыштакта төрт улуттун өкүлдөрү жашашат. Мындагы окутуу орус, кыргыз, өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. Семинарга келгендер булардын кадимки эле картон кагазынан жасаган не бир кооздуктарына, эшик алдында атылып турган атылма сууга, айланасындагы кооздуктарга суктанышты.

Андан кийин Нариман айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы “Бөбөктай нуру” Эне мектебине келишти. Бул жай 2010-жылдан бери бош турган. Анын ээси милиция кызматкери эле. Улуттар аралык кагылышта каза болгондон бери үй-бүлөсү Ош шаарына көчүп кетишип, чон там ээсиз калган болчу. Айылдыктардын сунушу менен Суусар Осмонова Эне мектеби кылып ачты. Азыр 58 бала тарбияланып жатат. Жасалгаларына ата-энелер жардам беришкен. Ыңгайлуу жана кенен, балдардын табитине жараша жасалгаланган жайда эки тилде окутуу жүрөт. Мындагы өзгөчөлүк атайын музыкалык билими бар мугалимдин иштегендиги. Аккордеондо мыкты ойноп,аны коштоп муукам обон созо билген эжекеден балдар көптү үйрөнүп жатышканы байкалат.

Бул жолку иш чара ырасында да өз максатына жетип, анын катышуучулары жетиштүү тажрыйба алмаша алышты. Аны Жалал-Абаддан барган өкүлдөр айтып бүтө алышпайт. “Эми мен мындагы көргөндөрүмдү өз ишимде колдонууга аракет кыламын. Биз үйрөнө турган көп иштер бар экен. Ушундай иш-чаралар дагы да уланса дейм”- дейт Акман айыл аймагындагы “Ынтымак” Эне мектебинин жетекчиси Алтынкүл Пиназарова айым.

2

1

5

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Долбоордун ММК кызматкери