Машыкчылар үчүн көнүгүмдөрдүн 3-айлампасы ийигиликтүү жыйынтыкталды
07.08.2017 11:25
“Эрайым” Аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча уюшулган “Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн дараметин көтөрүү” компонентин ишке ашыруу үчүн жергиликтүү машыкчыларды даярдоо жараянынын үчүнчү этабы Ош шаарындагы областтык китепканада улантылды жана ал төрт күндүк убакытты ичине камтыды. Ага долбоор боюнча иштеп жаткан Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча долбоордун тирекчилери, чоңдордун жана балдардын Өз жардам топторунун, “Эне мектептеринин” тирекчилери, басма сөз жана коомчулук менен кызматташуу адистери, машыкчылар катышты.
Долбоордун алкагында түзүлгөн өз жардам топторунун (ӨЖТ) дараметин көтөрүү жана жергиликтүү жарандык институт катары түзүлүүсү күтүлүп жаткан 6 ӨЖТ Биримдигинин өнүгүшүнө туура багыт берүү максатында долбоордун кызматкерлери жана тандалган болочок машыкчылар TОT (машыкчылар үчүн көнүгүм) форматындагы атайын 11 темадагы көнүгүмдүн биринчи айлампасында “Өкмөттүк эмес уюм жана анын чөйрөсү”, “Команда түзүү” жана “Социалдык өнөктөштүк” темалары боюнча көнүгүмдөн өтүшсө, ал эми ушул жылдын 1-июлунан 6-июлуна чейинки аралыкта жаңы машыкчыларга “Кичи ишкерликти баштоо”, “Ийгиликтин сырлары», «Ата-эненин үйдөгү жана чөйрөдөгү орду” окуу көнүгүмдөрү 6 күн ичинде өткөрүлүп өз максатына жеткен. Машыкчыларды даярдоо окуу көнүгүмдөрдүн 3-айлампасы болсо 2017-жылдын 26-27-июль күндөрү “Социалдык медиа” деп аталган окуу көнүгүмү “Ынтымак медиа мектебинин” директору Асанбек Каракозуев тарабынан ийгиликтүү өткөрүлдү. Анда “Социалдык медиа деген эмне жана анын коомдогу орду?”, “Социалдык медианын түрлөрү”, “Социалдык медиада иштөө”, “Блог жүргүзүү жана блогер деген ким?”, “Блог жүргүзүүдөгү теманы тандоо”, “Блог жүргүзүүдөгү маалымат алмашуу”, ”Мультимедиалык каражаттар деген эмне?”, “Энерджайзер” , “Социалдык медиадагы этика”, “Келечектеги көнүгүмдү өтүүгө даярдык көрүү” деген темада кызыктуу көнүгүм болду. Ар бир өтүлгөн тема кызуу талкууну, талаш-тартышты жаратып жатты. Ушундан улам көнүгүмдү алып барган Асанбек Каракозуев катышуучулардын активдүүлүгүнө ыраазы болду. Ошол эле мезгилде команданын жаңы технология боюнча жетиштүү түшүнүктөрү бар экендигин жана ар бири азыркы социалдык медианы кеңири колдонуп жатышкандыгын белгиледи.
Ал эми 28-29-июль күндөрү “Үй-бүлөлүк каржы” аталышындагы көнүгүмдү “Илим-Ош” билим берүү комплексинин мүдүрү Алима Абдивасиева өзүнүн мыкты тажрыйбасын колдоонуу аркылуу өткөрдү. Алима айымдын айтымында бул көнүгүмдүн башкы максаты каржылык эсепти, муктаждыкты туура колдонуу жана башкаларга үйрөтүү. Эгерде үй-бүлөлүк каражатты ар бир адам так жана туура жүргүзө алса, ар бир каражат максаттуу пайдаланса ошол үй-бүлөнүн муктаждыгы да чечилет жана жакшы жашай алат. Ошол сыяктуу мамлекетте да каржылык тактык зарыл. Мына ушундай өңүттөн алганда бул окуу көңүгүм өзүнүн максатына жете алды. Ошол эле мезгилде ТОТтун катышуучулары каржылык сабаттуулуктун негизи боюнча семинарды жергиликтүү коомчулуктарда өткөрүүгө даярдоо болуп саналат. Соңунда 12 кызматкер эки тема боюнча машыкчы күбөлүгүнө ээ болушту. Белгилей кетсек эми бул пайдалуу окуу көнүгүмдөр мындан ары жергиликтүү машыкчылар тарабынан ӨЖТ мүчөлөрүнө өткөрүлөт.
Бактыкан Ажымаматова
Долбоордун Жалал-Абад облусу боюнча PR-адиси