2017-жылы уюшулган балдар жайкы англис тил мектептери боюнча баяндама
31.07.2017 18:25
Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан 11-августуна чейин Бишкек шаарынын Ак-Өргө жана Ак-Ордо конуштарында, Токмок шаарынан алыс эмес Алчалуу айылында, Жумгал өрөөнүнүн Чаек жана Көк-Ой айылдарында жайкы англис тил курстары иштеп жатат. Жалпысынан 540 окуучу өтүлүп жаткан сабактарда катышууда, алардын ичинен 80 окуучу Ак-Өргө жана Ак-Ордо конуштарында, 59 окуучу Алчалуу айылында, 200 окуучу Чаек, ал эми 83 окуучу Көк-Ой айылында. Бул жайкы мектептер акысыз уюштурулуп, бир айга созулат.
Курстарды Улуу Британиядан келген сегиз ыктыярчылар жана бир жергиликтүү окутуучу өткөрүп жатышат. Алардын ичинен төртөө абдан тажрыйбалуу, калгандары Улуу Британиянын эң мыкты университеттеринин орус тили факультетеринин студенттери. Жайкы мектептер башталардан мурда Бишкекте болгон эки күндүк команда түзүү боюнча тренингдерде катышышты. Алар шаар менен бир аз таанышып, Супара 1 этно эс алуу жайында конокто болуп келишти. Ал жерде Чынара Сейдакматованын кыргыз элинин жашоого жана жаратылышка болгон салттуу көз карашы жөнүндө бетачарына күбө болушту.
Мектептеги сабак өтүү усулдары өз ара аракеттешүү жана коммуникацияга негизделген. Алар көптөгөн иш-чараларды жана оюндарды камтыйт. Чаектеги Британиялык студенттерге кыргызстандык ыктыярчы-студенттер кыргыз тилинен которуу иштеринде жардам берип жатышат.
Британиялык ыктыярдуулар өздөрүнүн жол кире жана тамак-аш чыгымдарын өздөрү төлөшөт. Долбоор Улуу Британиядагы донорлор тарабынан каттоо номери UK 1163524 болгон Британия кайрымдуулук комиссиясынын алдында уюшулган "The Erayim Aid Trust UK” (Эрайымга Ишенимдүү Жардам) деп аталган Британиянын кайрымдуулук уюму аркылуу каржыланат. Британиянын өкмөтү тарабынан биздин кайрымдуулук долбоорлорубузду колдоп, кубаттап биз жыйнаган кайрымдуулук каражатка кошумча иретинде, ушул сумманын 25% өлчөмүндөгү финансылык каражат бөлүнгөн.
Биз, кыргыз окуучуларынына биздин ыктыярдууларыбызга канчалык сабактар көңүлдүү өтүп жаткан болсо, ошончолук көңүлдүү болуп жатат деп ишенебиз. Алар ошондой эле Сон-Көлгө жана башка кооз жерлерге уюушулуучу саякаттарга барышат. Ыктыярдууларга жергиликтүү кыргыз үй-бүлөлөрүндө жашоо жана жергиликтүү маданиятты үйрөнүү жагат.
Материал Клер Ривз тарабынан даярдалды