526.07.2017    12:13

Жай мезгили өкүм сүрүп, балдарбы, же чоңдорбу ушул жайдын аптаптуу күндөрүн таза абалуу, салкын аймакта, жаратылыштын кооз кучагында эс алууну самайт.

“Эрайым” АКБнын Ош областындагы активисттери да мына ушундай жагдайды эске алышып, аталган уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Балдардын Өз Жардам топторунун мүчөлөрүнө ушул жылдын июль айында жагымдуу эс алуу уюштуруп беришти. Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында уюшулган «Балажан», «Бүчүр», «Тумар»,«Келечек », «Оомат», «Жылдыз», «Өнүгүү», «Даанакер», «Шамдагай», «Мекендештер”, «Достук», «Ак-Ниет», «Кыргызстан» БӨЖТ мүчөлөрүнүн арасында ар кандай иш-чараларга жигердүү катышкан демилгелүү окуучулардын башын кошуп, жалпысынан 21 бала, 39 кыз айланасы аска зоолор менен курчалган, табийгаты көз жоосун алган, кереметтүү жайлоолордун бири Салкын-Төргө алып чыгышты. Аларды уюмдун кызматкерлери коштоп, коопсуздугун көзөмөлдөштү.

Балдардын жайкы эс алуу күнүн көңүлдүү өткөрүүгө өбөлгө түзүп берген, аталган аймактарда түзүлгөн ӨЖТ мүчөлөрдүн активисттери болду. Бул жүрүштү алар «БӨЖТ мүчөлөрү ынтымак жайкы эс алууда – 2017» деп аташты. 3 Аймактан келген БӨЖТ мүчөлөр жайлоодо бири-бири менен жакындан достошуп, аңгемелешүүлөрдү өткөрүштү. Жайлоонун кооз жерлерин көрүшүп, кызыктуу экскурсия уюштурушту. Ар бир ирмемди эсте кала турган маанайда өткөрүү үчүн ар кандай оюн-тамашаларды да курушту. Ыр-бийге толгон “Сармерден” оюнунан башталып, “Шакек салмай, “Топ таш”, “Жоолук таштамай”, “Аркан тартмай”, “Алтын топ” достукта оюндарын да өткөрүштү. Жайлоодогу эс алуу ар бир баланын эсинде калды. Алар бул жерде достошушту жана көп максаттарды алдыга коюп, жаңы демилге, жаңы багыттарды белгилешти - дейт, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош областындагы жергиликтүү тирекчиси Икрам Исраилов жана БӨЖТ тирекчи уюштуруучусу Кыял Мамажанова.

4

9

10

1

2

3

7

8

Эрлан Давлатов
Долбоордун Ош облусу боюнча PR адиси