20.07.2017   18:110

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган 7 ӨЖТ, БӨЖТ топ мүчөлөрү Ноокат районундагы Абшыр- Сай шаркыратма жайлоосуна барып келишти.

Абшыр-Сай өзөнүндө жайгашкан шаркыратма Ош шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 1500 метрден 2500 метрге чейинки бийиктикте орун алган. Шаркыратма келген эс алуучуларды абдан таң калтырат. 12-15-метр бийиктеги асканын боорунан суу атырылып чыгып турат экен. Мады, Шарк аймактарындагы бир көчөдө жашаган, көйгөйлөрү бирдей болгон ӨЖТ, БӨЖТ топтор, ата-эне жана балдар “Ынтымактуу көчө” иш-чарасынын алкагында Абшыр-Ата шаркыратма жайлоосуна барышып таза аба, жаратылыш койнунда эс алышты. Ал өзөндө жайгашкан шаркыратманы жана байыркы тарыхты ичине батырган сырдуу үңкүрдү көрүштү.Табигат кучагында тарыхый жайларга саякатка чыгуу менен эки улуттун өкүлдөрү бир болуп, бир дастаркон үстүндө ыр, бийлерди жаңыртышып достук, биримдик, ынтымакты бекемдей алышты. Ошону менен бирге мекенчил сезимдери күчөп, мекенге, жаратылышка болгон сүйүүлөрү арт канын мында баргандар белгилеп жатышты. Бул топту баштап барышкан долбоордун психологу Дилфуза Анарбаева, долбоордун ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева жана БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажановалардын белгилөосүндө “эс алуу абдан кызыктуу жана эсте калаарлык маанайда болду. Балдар менен чондор биргеликте жаратылыш койнунда турдүү оюндарды ойношту, таза абада жагымдуу эс алышты. Мындай иш чараны дагы да уланта беришмекчи”.

01

02

Эрлан Давлатов
Долбоордун Ош облусу боюнча PR адиси