“Өкмөттүк эмес уюм жана анын чөйрөсү” көнүгүмү ийгиликтүү жүрдү
17.07.2017 17:50
Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун каржылоосу менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун алкагында уюшулган Балдардын өз жардам топтору үчүн “Өкмөттүк эмес уюм жана анын чөйрөсү” аталышындагы көнүгүм жыйынтыкталды. Аны аталган уюмдун машыкчылары Жанара Рыскулова менен Венера Бабидиновалар алып барышты.
- Бул долбоорго кирген Жалал-Абад шаарындагы Алым Усман атындагы орто мектептен 6 БӨЖТ, Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы орто мектептен 3 БӨЖТ, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектептен 7 БӨЖТ жана Тешебай Ысак атындагы орто мектептен 4 БӨЖТдун мүчөлөрүнө бир күндөн сабак өтүлдү. Жалпы 21 БӨЖТнун мүчөлөрү катышты. - деп, белгилейт машыкчы Жанара Рыскулова.
- Бул тема азыркы кезде актуалдуу экендигин ар бир сабактын жүрүшүндө байкалып жатты. Анткени, балдар ошол күндөрдө жайкы каникул убагы башталып калганына карабастан, кызыгуу менен катышып, суроолорду беришип, буга чейин билбеген көп нерселерин билип алышты. Негизи балдардын демилгелүү аракеттери, жаңы нерсени үйрөнүп алууга кызыкдар экендиги биздин сабакты дагы да изденип өтүүбүзгө түрткү берди - деп кошумчалайт машыкчы Венера Бабидинова.
Мындан сырткары чоңдордун өз жардам топтору үчүн ушундай эле аталышта көнүгүм өтүлдү. Негизи мында балдар да чоңдор да “Өкмөттүк уюм деген эмне?”, “Өкмөттүк эмес уюмдун багыттары, принциптери кандай?”, “Өкмөттүк эмес уюм кантип өзүн-өзү каржылай алат?”, “Көйгөйлүү маселе кайдан келип чыгат жана аны чечүүнүн жолдору кандай?”, “Өкмөттүк эмес уюм мамлекет үчүн кандай пайда алып келет?” деген сыяктуу темалар талкууланып, кызыктуу көргөзмөлүү оюндар менен коштолуп турду.
Бактыкан Ажымаматова
Жалал-Абад облусу боюнча долбоордун PR-адиси