117.07.2017   17:37

Айыл жергесинде иштеп жаткан саналуу гана Балдар бакчаларын эске албаганда элеттиктер дээрлик мындай жайларга муктаж болуп келет. Ошол себептүү айылдагы балдар кароосуз калышат, балалыктын эң сонун учурун боштукта гана өткөрүп жиберишет.

Ал эми мектеп босогосун аттаганда “Аа” тамгадан баштап жаңыдан үйрөнөт. Эгер бакчага барган болсо ал наристе мектепке жазганды, санаганды, а түгүл ырдаганды-бийлегенди үйрөнүп, билим алууга даярдык менен келмек. Ушул жагын эске алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорун тартып келип, айыл жеринде “Эне мектебин” ачууну жана аны туруктуу иштетүүнүн бардык аракетин көрүп келет. Андай долбоорго Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон жана Акман айыл аймактары кирген. Аталган айыл аймактардын жетекчилиги жана айылдагы демилгелүү кыз-келиндердин аракети менен жыйырмадан ашуун “Эне мектеби” ачылды. Ар биринде отуздан жүзгө чукул бала тарбияланып жатат.

- Азыр жай саратаны өкүм сүрүп, шаардыктар гана эмес, айылдыктар да абасы салкын жайлоого, эс алуучу жайларга ыкташып жаткан кез. Биз дагы бир катар “Эне мектептеринде” тарбияланып жаткан балдарды жайлоого эс алдырып келүүнү уюштурдук - дейт, облустагы “Эне мектеби” боюнча тирекчи Дилфуза Назаралиева. Ал белгилегендей “Эрайымдын” ушул долбоор боюнча активисттеринин демилгеси менен айтылуу Кызыл-Үңкүр аймагынын Күмүш-Сай жайлоосуна атайын эс алуу уюштурушуп, балдар менен чоңдөр бирдей эс алып кайтышты. Мында балдар жаратылыштын эң кооз аймагы менен таанышышты жана түркүн оюндарды ойноп, көңүлдүү эс алышты.

- Биздин бактыбызга ушул жайлоодо долбоорго кирген Акман айыл аймагынын Кош-Коргон айылынын тургундары жайлап жатышыптыр. Андагы кыз-келиндер менен жолугушуп, сүйлөшүп, ушул айылга дагы бир “Эне мектебин” ачууну макулдаштык-дейт, долбоордун ӨЖТ боюнча тирекчиси Кишимжан Боронбаева. Табигаты кооз, көрктүү жана ажайып жайлоодогу эс алуу учурунда долбоордун психологу Жылдыз Калдарбекова менен БӨЖТ тирекчиси Максат Пирматовдор да балдар үчүн эң унутулгус ирмемдерди тартуулашты.

2

3

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу