1207.07.2017   16:50

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун “Өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн дараметин көтөрүү” компонентин ишке ашыруу үчүн жергиликтүү машыкчыларды даярдоо жараяны кайра уланууда.

Долбоорго камтылган Ош дубанындагы Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак, Жалал-Абад дубанындагы Базар-Коргон районундагы Акман, Базар-Коргон айыл аймактарындагы, Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов жергиликтүү аймактык башкарууда түзүлгөн өз жардам топторунун (ӨЖТ) дараметин көтөрүү жана жергиликтүү жарандык институт катары түзүлүүсү күтүлүп жаткан 6 ӨЖТ Биримдигинин өнүгүшүнө туура багыт берүү максатында долбоордун кызматкерлери жана долбоор боюнча тандалган болочок машыкчылар “Машыкчылар үчүн көнүгүм” форматындагы атайын 11 темадагы көнүгүмдүн биринчи айлампасында “Өкмөттүк эмес уюм жана анын чөйрөсү”, “Команда түзүү” жана “Социалдык өнөктөштүк” темалары боюнча көнүгүмдөргө катышса, ал эми ушул жылдын 1-июлунан 6-июлуна чейин “Кичи ишкерликти баштоо”, “Ийгиликтин сырлары», «Ата-эненин үйдөгү жана чөйрөдөгү орду” окуу көнүгүмдөрүнө катышты.

«Кичи ишкерликти баштоо» окуу көнүгүмүн дасыккан машыкчылардын бири Абдилбоки Талипов өзүнүн мыкты тажрыйбасын колдоонуу менен өттү. Көнүгүм 1-2-июль күнү өткөрүлдү. Катышуучулар кичи ишкерликтин ар тараптуу ыкмаларын жана сырларын, бизнес-идеяларын чогултуу, ийгиликтүү ишкер болуу үчүн зарыл болгон сапаттарды үйрөнүштү. Мындан сырткары ишкер болжомдун түзүлүшү тууралуу чакан топторго бөлүнүп иштөө менен эң жакшы билим алууга мүмкүнчүлүк алышты.

1

2

3

4

6

“Даанакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун негиздөөчүсү, психолог Чынара Термечикова 2 күндүк “Ийгиликтин сырлары» окуу көнүгүмүн өткөрдү. Бул көнүгүмдүн максаты: адамдардын жоопкерчилиги жана эмоцияны башкара билүү, команда менен иштөө жөндөмдүүлүгү, чыр-чатакты конструктивдүү жолдор менен чечүү, убакытты туура пайдалануу, стресс жана кыйын кырдаалдарды жеңүүчү маселелер каралды. Окутуунун интерактивдүү ыкмаларын үйрөнгөндөн кийин көнүгүмдүн катышуучулары машыкчынын ролунда болуп көрүштү. Көнүгүмдө ар түрдүү кызыктуу оюндар, көнүгүүлөр жана ролдоштурулган оюндар менен коштолду. Негизи бул көнүгүм социалдык жана психологиялык окуу болду. Ар бир катышуучу өзүнүн оюн терең айтып, окуу учурунда жагымдуу маанай жаралды.

8

7

9

ОшМУнун филология факультетинин доценти, билим берүү системасындагы улуттук тажрыйбалуу машыкчы Джылдыз Тойчуева ушул жылдын 5-6-июль күндөрү «Ата-эненин үйдөгү жана чөйрөдөгү орду” темасындагы окуу көнүгүмдү жогорку деңгээлде өткөрдү. Джылдыз айымдын айтуусу боюнча бул көнүгүмдү өткөрүүнүн максаты: балдарды тарбиялоонун негизги эрежелерин ата-энелерге түшүндүрүү; чыр-чатак болгон учурда балдардын таарынычсыз жана көз жашсыз чечүү жолдорун үйрөтүү менен ата-энелер өз балдарын тарбиялоодо мажбурлоосуз, жазалоосуз өстүрүү керектигин түшүнө алышат.

14

10

13

Көнүгүмдөр өз максатына жетти. Жыйынтыгында 13 кызматкер машыкчы күбөлүгүнө ээ болушту.

Белгилей кетсек бул пайдалуу көнүгүмдөр даярдалган жергиликтүү машыкчылар тарабынан ӨЖТнун мүчөлөрүнүн дараметин көтөрүү максатында ӨЖТ мүчөлөрүнө өтүлүүсү пландалууда.

Машыкчылар үчүн көнүгүмдөрдүн 3-айлампасы июль айынын аягында улантылмакчы.

Эрлан Давлатов, Ош облусу