3 307.07.2017   12:40

Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым”АКБсы ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган форум театр ийриминде бүгүнкү күндө жалпы үч мектеп боюнча 34 мүчө катышып билим алууда.

Белгилей кетсек форум театр ийрими буга чейин Ишкаван айылында “Миграция көйгөйү” темасында пьесасын ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрүнө тартуулаган болсо, эми форум театрдын кербени таланттуу жаш актёр, актрисалардын мыкты даярдыгы менен 2017-жылдын 28-июнь күнү Мады айылында “Биз жаш муун жана чоң муундар канткенде бири-бирибизди түшүнөбүз” аталышындагы сахналык тарбиясы жогору пьесаны сахналаштырып көрсөтүштү. Бул пьесаны көрүүчүлөргө көрсөтүп эле койбостон, көйгөйдү кантип чечсе болот деген суроону талкууга алып, жооп издегенге аракет кылышты. Бул иш-чарага Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы форум театрдын катышуучулары, БӨЖТ мүчөлөрү жана “Эрайым” АКБсынын кызматкерлери кызуу катышты. Ийрим жетекчиси Сталбек Маматкуловдун айтымында форум театрдын кезектеги кербени Шарк айыл аймагында өтөөрүн белгиледи.

1

2

4

5

8

9

Эрлан Давлатов, Ош облусу