Ынтымак ырыскысы кошунадан кошунага
07.07.2017 12:20
“Ынтымак ырыскысы кошунадан кошунага” деген аталыш менен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагына караган Дормастер айылынын демилгелүү кыз-келиндери атайын акция уюштурушту.
Алар ушул айылдагы “Жакшылык” жана “Ырыскы” өз жардам топторунун мүчөлөрү. Алардын мындай демилге менен чыгууларынын башкы себеби, айылда көп балалуу, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана жакындары, айрыкча ата-энелери мигрант катары сыртта иштеп жаткан балдар үчүн оокат-азык таркатуу жана алардын жашоо абалынан кабар алуу. Азыктарды иш-чараны уюштурган ӨЖТ мүчөлөрү өздөрү жыйнашкан. Акциянын соңунда иш-чарага катышкан кыз-келиндер атайы майтокоч жасашып, “Кыргызстанда тынчтык болсун, табийгат кырсыктар кайталанбасын, элибиз биримдикте, ынтымакта, бактылуу жашасын, дайыма бирге бололу” деген аруу тилек менен кошуна-колоңго таркатып жатышты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу