23.03.2016    10:15

Адатта Нооруз-жаңы күн, жаңы жылдын башталышы марттын жыйырма бирине туш келгени менен бул майрамды март ичи шаңдуу майрамдаша берет. Ал азыр да жер-жерлерде кызуу уланып жаткан учур.

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча коомчулук менен байланышуу кызматкери Эрлан Давлатовдун билдирүүсүндө дал бүгүн Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын үч айылында уюшулган Өз жардам топторунун демилгеси менен “Нооруз- ынтымакты жана достукту даңазалайт” деген майрамы өткөрүлдү. Ага бул аймактагы он Өз жардам тобунун мүчөлөрү катышышты жана бул саамалыкты алар биргеликте уюштурушкан. Атап айтканда “Арзуу”, “Аруузат”, “Акжол”, “Байбол”, “Ынтымак”, “Татына”, “Бектурсун”, “Береке”, “Жаштар”, “Жоогазын” Өз жардам топторунун катышуусундагы көктөм, жаз, достук, ынтымак, биримдик тууралуу ырлар жаңырып, Нооруз шаңын арттырышты. Мында көп улуттан куралган айылдын тургундары өз улутунун тамактарын жасашып, улуттук кииймдерин кийип, ошол эле мезгилде улуттук оюндар ойнолуп жатты. Ушундай эле шаңдуу майрамды Шарк менен Малды айыл аймагындагы “Ыйман нуру”, “Хакикат”, “Радуга”, “Достук” Өз жардам топторунун, ошондой эле Балдардын “Балажан”, “Маданият жана марифат”, “Ширин”, “Келечек”, “Кыргызстан”өз жардам топтору тарабынан уюштурулду. Жергебизде тынчтык болуп, калкыбыз ынтымак, достук менен мамлекетибизди ар тараптан өнүктүрөлү деген аруу тилектер менен бул майрам эсте калаарлык маанайда белгиленди.

nooruz2

nooruz1

Бактыкан Ажымаматова