Айпери Салибаева окуучулар менен30.04.2016   17:04

Айпери Салибаева Базар-Коргон районунун Акман айылындагы мектептен билим алган, айылдык кыз. Чет тилин үйрөнүүгө болгон аракети мектеп партасынан башталып, анан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине тапшырат.

Аталган окуу жайдан англис тили мугалими адистигин алгандан бери айылдык мектепте эле иштеп, элеттик балдарга ушул тилди үйрөтүү аракетинде иштеп келет. Жаш болсо да, өз кесибинин устаты катары таанылып бараткандай. Себеби ал жеке ишинен сырткары англис тили ийримдерин уюштуруп, балдарга сабактан сырткаркы убактарда чет тилин үйрөтүүнү колго алган. Ал эми 2012-жылдан бери “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташып, ийримдин да катарын көбөйтүп, бардык билимин, күчүн ушул ишке буруп турган кези. Белгилей кетели бул уюм 2014-жылы Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” уюму аркылуу каржыланган “Салттуу жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” аталышындагы долбоор боюнча Балдардын өз жардам топтору түзүлүп, анын негизинде сегиз ийрим иштей баштады. Анын бири англис тили ийрими болсо, аны Айпери Салибаева жетектей баштады. Аталган долбоорго Ош облусунан Кара-Суу районундагы үч мектеп, Жалал-Абад шаарындагы №7-орто мектеп жана Базар-Коргон районундагы Акман, Базар-Коргон айыл аймагындагы мектептер кирген. Айпери болсо Базар-Коргон районундагы үч мектепте англис тили ийримин түзүп, ар бир мектептен отуздан кем эмес окуучуга бул тилди үйрөтүп жаткан кези.

Айылдык балдардын чет тилин үйрөнүүгө далалаты күчтүү. Эне тил менен катар орус тилин билүү азыркы учурдун талабы болгону менен чет тилине ынтызаар болгондор арбын экенин ийримди жетектеп жаткан убакыттан бери билип калдым, себеби, алар кыска аралыкта эле кыйла ийгиликтерди жаратып коюшту-дейт Айпери айым. Мына ошондой ийгиликтерге жетишип жаткан окуучулардын бири Бубу-Зейнеп Абсаламова. Ал Базар-Коргон районундагы Ысак уулу Тешебай атындагы орто мектепте 9-класста окуйт. Англис тили ийримине адегенде катыша баштаганда бул тил боюнча жетиштүү маалыматы жок эле. Ийрим жетекчисинин сабакты өтүүдөгү аракети, анын балдарга жасаган мамилеси улам аны арбап олтуруп, эки жыл аралыгында англис тилинде жазуу, оюн айтуу, текст түзүү жана тексттерди окуп, которуу, аңгемелешүүгө жетишип калды. Англис тил ийриминин катышуучулары арасында уюштурулган ”Акыл ордо” интелектуалдуу мелдеште 1- орунду ээлеп, “Эрайым”АКБ нин сертификаты жана англис тилиндеги сөздүк менен сыйланды. Быйылкы окуу жылында Базар-Коргон районунда мектептер арасында откозулгон райондук олимпиядадан 1- орунду алды. Ушул эле жылы “FLEX” программасына катышып, биринчи жана экинчи турларынан өтүп, 3-турга документтерин жиберип, анын жыйынтыгын күтүп жаткан учуру. Эгер ал сынактан өтүп калса, “Америка жергесине барып, билип алып, Кыргызстан деген жерди таанытам” деген максаты бар.

1

2

3

4

6

Бактыкан Ажымаматова