Келечекте котормочу болсом дейм
30.04.2016 15:38
Мен Бубу-Зейнеп Абсаламова Базар-Коргон районундагы Ысак уулу Тешебай атындагы №35 орто мектепте окуймун. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” аталышындагы долбоордун негизинде түзүлгөн Балдардын өз жардам тобуна мүчө болуу менен ушул долбоор аркылуу иштеп жаткан Англис тили ийримине эки жылдан бери катышып келе жатамын.
Мурда мен бул сабакка анча деле кызыкчуу эмесмин. Ийрим ачылганда курбум экөөбүз, эч нерседен кабарыбыз жок эле келип, катышып калдык. Жаш болсо да өз кесибин сүйгөн Айпери Салибаева эжеке бизди жылуу маанай менен тосуп алды да, ийримге катышуубузду сунуш кылды. Ал сабакты кызыктуу өтөт экен. Бизди тез эле өзүнө арбап алды. Анан ар бир сабагына үзбөй катыша баштадык. Чет тилин үйрөнү канчалык татаал болсо да, эжекенин бизге болгон жылуу мамилеси, сабагына болгон жоопкерчилиги, ар бир өткөн сабактын кызыктуу жана жандуулугу аркылуу биз тез эле бул тилди өздөштүрө баштадык. Азыр англис тилинде эркин оюмду айтып жана түшүндүрүп, сүйлөп, жазып, ырларды, көркөм чыгармаларды окуп жана которо аламын. Чет өлкөдөн адамдар келсе, алар менен эркин баарлаша аламын. Мына ушулардын бардыгын Айпери эжеке үйрөттү. Ошол эле мезгилде бул сабак боюнча окуучулар арасындагы олимпиадаларга, сынактарга да катышып жатамын. “Акыл ордо” сынагында биринчиликти алганым ду эжекемдин эмгеги деп билемин.Быйылкы окуу жылында Базар-Коргон районунда мектептер арасында уюшулган олимпиадада 1- орунду алдым. Ушул эле жылы “FLEX” программасына катышып,биринчи жана экинчи турларынан өттүм.Үчүнчү турга документтеримди жөнөттүм жана азкыры күндө 3- турдун жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Эгер Америкага жолдомо алсам, анда Кыргызстанды таанытууга дайыма даярмын. Бул программага катыша элегимде “FLEX” программасы боюнча эч кандай маалыматым жок болчу. Айпери эжекеден угуп, катышууну чечтим.
Азыркы учурда 9-класста окуйм. Досторум менен эжекебиз маалымат берген борбор калаабыздагы “ Жаңы муун академиясынан ” билим алганга даярданып жатам. Келечекте котормочу болууну самайм. Мени ушундай максаттарга жетелеген жана багыт берген Айпери эжекеге жана “Эрайым” АКБ на ыраазычылыгымды билдирем.
Бубу-Зейнеп Абсаламова, Базар-Коргон району
№35 Ысак уулу Тешебай атындагы орто мектептин окуучусу