Жаш шахматчылардын турнири
04.02.2016 17:48
Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын № 86- Курманжан Датка атындагы орто мектебинде «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттуу жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин ортосунда достукту жана ынтымакты чыңдоо” долбоору боюнча уюшулган шахмат ийриминин жетекчиси Алимахан Наржигитованын уюштуруусу менен Балдардын Өз жардам топторунун арасында шахмат оюну боюнча турнир өткөрүлдү. Ага «Тумар», «Дөөлөт», «Ынтымак», «Жакшылык», « Оомат» БӨЖТларынан жалпы 20 окуучу катышты. Балдарды спорттун бул түрүнө машыктырып гана тим болбостон,акыл оюну аркылуу балдардын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо максатын көзлөгөн бул турнирдин жыйынтыгы менен 1-орунду Анарбай кызы Орозгүл, 2-орунду Замирбек кызы Жасмина, 3-орунду Кылычбек кызы Диана алып, баалуу белектер менен сыйланышты. Ал эми активдүү катышкандар Турдубай уулу Бексултан жана Нурлан уулу Арзыбектер да сыйлыктан кур калышкан жок. болду. Мындай иш чара мындан ары да тез-тез өткөрүлүп туруларын долбоордун коомчулук менен байланыш түзүү адиси Эрланбек Давлатов билдирди.
Бактыкан Ажымаматова