021.01.2023  10:19

«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги, бюджеттик жараян» көнүгүмү Кара-Суу районундагы уюшулган “Курманжан Датка”, “Шарк” жана “Кызыл-Кыштак” ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрүнө өткөрүлдү.

Көнүгүм дассыкан машыкчы Гульгакы Мамасалиева тарабынан өткөрүлүп, жергиликтүү бюджетти пландаштыруу жана бөлүштүрүүгө элдин жигердүү катышуусун үйрөтүүгө багытталган. Иш чара Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Окуунун натыйжасында Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак аймактарында уюшулган биримдиктер өздөрү жашаган аймактагы эң көйгөйлүү маселелерди аныктап, февраль айында болуп өткөн коомдук угууга катышып, жалпы 9 сунушту жазуу түрүндө тапшырышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты Кара-Суу районунда түзүлгөн биримдиктердин өз алдынча туруктуу иш жүргүзүүсүнө багытталган жана калктын социалдык бакубаттуулугу, келечек мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу болуп саналат дейт – ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева.  

1

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу