Кара-Сууда социалдык-психологиялык ыкмалар боюнча пайдалуу окуу көнүгүм уюштурулду
17.01.2023 10:42
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен иштөөнүн социалдык-психологиялык ыкмалары” деген темада үч күндүк көнүгүм болуп өттү.
Окуу көнүгүмдү долбоордун эксперт-психологу Чынара Термечикова “Эмоцияларды башкара билүү”, “Стресс менеджмент”, “Жеңүүнүн сценарийсы”, “Өзүн жана башкалар менен тынчтыкта жашоо” темаларында айыл өкмөттүн соц адистерине, мектептердин социалдык педагогдору, райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жогорку деңгээлде өттү.
Аталган окуу көнүгүмдүн катышуучулары айыл аймактардагы аярлуу үй-бүлө мүчөлөр, тобокел топтогу балдар, социалдык жетимдер менен иштөө ыкмаларын үйрөнүп алардын психосоциалдык абалын жакшыртууга салым кошушат дейт, - долбоордун психологу Дилфуза Анарбаева.
Эрлан Давлатов, Ош облусу