29.05.2023  !1:09

2023-жылдын, 22-майдан - 2-июнга чейинки аралыкта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган “Шарк”, “Керме-Тоо”, “Курманжан-Датка” ӨЖТ биримдиктерине 12 күндүк “Муктаждыкты аныктоо”темасында окуу көнүгүм болуп өттү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө катышуучу мүчөлөргө “МЦ Интербилим”уюмунун жетекчиси, тажрыйбалуу машыкчы Гульгакы Мамасалиева “Муктаждыкты чогуу аныктоо” көнүгүмдөрү боюнча маалымат берип, алардын муктаждыктарын чогуу аныкташты.

Окуунун жыйынтыгында жаңы көчөлөрдөгү жол, суу, жарыктык жана айылдагы жумушсуздук менен кошо бала бакча көйгөйлөрү талкуу болду.