28.05.2023  10:06

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылган “Салттык жана заманбап усулдарды айкаылштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бенкемдөө” долбоорунун алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарында иштеп жаткан эне мектептери бири-бири менен тажрыйба алмашуу сапарлары уланууда.

Адегенде Ош облусундагы долбоорго кирген Кара-Суу районунун Мады, Кызыл-Кыштак, Кашкар-Кыштак, Шарк, Нариман айыл аймактарындагы эне мектептеринин жетекчилери, тарбиячылары жана усулчулары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарынан Ош облусуна келген кесиптештер тосуп алып, өз жумуштары менен тааныштырышты.

Иш сапардын максатында Жалал-Абад облусунан келген тарбиячы, жетекчи жана усулчулар буга чейин ачылган жана жаңыдан ачылган эне мектебинин турмушу, андагы жүрүп жаткан иш аракеттер, иш кагаздар менен кабардар болушуп, таржыйба алмашышты.

-Албетте, мындай иш чара, ишти алга жылдырууга гана себепчи боло алат. Эгер кемчилигин болсо оңдойсуң, ийгилигиң болуп,кимдир бирөө иш тажрыйбаңды үйрөнүп жатса,ага кубанасың. Негизи мындай тажрыйба алмашуу иш чараларын тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгы бар - деп, белгилейт Ош облусундагы эне мектебинин тирекчиси Гүлкайыр Жолдубаева.