25.05.2023  14:34

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Төлөйкөн айыл аймагында Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун 4-фазасынын алкагында түзүлгөн Этноансамбль ийрими кулачы кеңейип, жаш таланттуу балдардын билим алуусуна жана музыкалык аспаптарды үйрөнүүсүнө шарт түзүп келет.

Аталаган ийримди Шарк айыл амагында уюшулган 17 ӨЖТ тобу жана Төлөйкөн айылындагы “Ак-Бура”, “Жаңы-Айыл” ӨЖТ мүчөлөрү колдоого алып, Шарк аймагындагы 17 ӨЖТ топтору 300 сомдон жалпы 5.100 сом акча чогултуп, ал эми Төлөйкөн айылында эки ӨЖТ топтору 950 сомдон, 1900 сом, жалпы 4 ай ичинде 28.000 сом акчаны Этноансамбль ийриминин жетекчиси Гуласал Алиевага айлык маяна катары төлөп беришти.

Бул ийримди улантуунун негизги макксаты балдар ийримге катышуу менен өздөрүнүн талантын өстүрүү, аны менен балдар ортосунда достук, ынтымак, биримдикти бекемдөө болуп эсептелет дейт “Жаңы-айыл ”ӨЖТ мүчөсү Курбаналиева Саламат.

Учурда ийримге 25 таланттуу балдар катышып жатышат. Алар мектепте, райондо кандай гана маданий иш-чаралар болбосун, жигердүү катышып келишет. Белгилей кетсек ушул жылдын май айында облустук деңгээлде өткөрүлгөн “Менин мекеним -Кыргызстан”аттуу адабий музыкалык кароо сынагына Төлөйкөн айылындагы Этноансамбль ийриминин “Комузчулар ансамбли” катышып, 1-орунду ээлегенин ийрим жетекчиси Гүласал Алева билдирет.