Лидерлик сапатты өнүктүрүү
22.05.2023 12:23
Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун 4-фазасынын алкагында
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак, Шарк, Төлөйкөн айыл аймагында балдардан түзүлгөн "Шамдагайлар", "Мекенчилер", "Кыргызстан", "Барсбек", "Бүчүр", "Үмүт" Балдар өз жардам топторуна «Лидерлик сапатты өнүктүрүү» темасында бир күндүк окуу курсу журналист , психолог Эрлан Давлатов тарабынан өткөрүлдү.
Окуунун жүрүшүндө жаш активистер, мыкты демилгечи жаштар лидерлик сапаттарга ээ болуу үчүн эмне кылуу керектиги жана ага кантип жетүү боюнча маалымат алышып, көптөгөн дүйнөдөгү лидер инсандар боюнча окуп үйрөнүштү. Анда “Ийгиликтин 21 сыры”, “Лидер жана лидерчилик”, “Коомдогу лидердин көз карашы”, “Умтулуу” жана башка ушул сыяктуу темалар алкагында окуу кызыктуу болгонун БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова белгилейт.
Жолугушуунун жана окуунун максаты БӨЖТ мүчөлөргө туура жол көрсөтүү, мыкты тарбия берүү жана келечекти билимдүү лидер улан-кыздар менен куруу болуп саналат.