Баланы зыяндуу заттардан сактайлы
22.05.2023 11:26
Акыркы кездерде жаш балдар, өспүрүмдөр, мектеп окуучуларынын арасында организмге зыяндуу жана терс таасир эте турган заттарды колдонуп жатышканы ачык эле байкалып жаткандай. Албетте, бардык эле өспүрүм, же мектеп окуучусу ушундай деп айтуудан алыспыз.
Болгону ата-эненин көзөмөлүнөн чыгып кеткен балдар спирт ичимдигин ичип, кандайдыр бир наркотикалык зат кошулган азыктарды колдонуп, тамекини, насвайды чегип, өз организмдерин уулап жатышкандыгы жагдайында маалыматтар айтылып келет. Бул багытта мектептердеги соцмугалимдер, район-шаарлардын ички иштер бөлүмдөрүндөгү жашы жете электер менен иш алып баруучу кызматтар, коомдук уюмдар, ошондой эле коомчулук катуу күрөш жүргүзүп жаткандыгы да белгилүү. Мына ушундай багытта Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Жон айылындагы Кенжекул Сооронбаев атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты жана окуучулары катышкан тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш чарага ушул айылда уюшулган “Ынтымак” жана “Ынтымак-1” өз жардам топторунун мүчөлөрү да катышты. Андагы тема”Жаш өспүрүмдөрдүн организмине спирттик ичимдиктердин, наркотикалык заттардын жана насвайдын тийгизген терс таасири” деп аталып, “Эрайым” АКБсынын укуктук кеңешчиси Гүлнара Ташиева алып барды.
Тегерек столдо келечек муундардын арасындагы мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алууда жалпы коомчулук кайдыгер болбой, биргеликте күрөш жүргүзүү зарылдыгы айтылды.Тарбия менен билим берген мугалимдерге бардыгын түртө салбай, эң алдын ата-энелер балдарын катуу көзөмөлгө алып, анын билим алуусун башкы орунга койбой, жүрүм-туруму, жасап жаткан иши, аракеттери боюнча да көзөмөлдү күчөтүүлөрү керек деген ойлор,сунуштар берилди. Ал эми тегерек столду уюштуруу жана алып баруу милдетин алган юрист Гүлнара айым жаш өспүрүмдөрдүн мындай жолго баруусундагы юридикалык жоопкерчилик жагдайында кеңири маалымат берди.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу