Медиациянын практикалык мектеби: медиатордун ишмердүүлүгүн уюштуруу
02.05.2023 09:32
2023-жылдын 24-25-26-апрель күндөрү Ош шаарында “Медиациянын практикалык мектеби: медиатордун ишмердүүлүгүн уюштуруу” темасындагы атайын үч күндүк окуу көнүгүмү болуп өттү.
Окуунун негизги максаты медиатордун ишин уюштурууда медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу жана алардын иш тажрыйбасында жаңы ыкмаларды үйрөтүү болуп саналат - дейт Кыргызстандагы Улуттук Медиация Борборунун жетекчиси Гулсина Кожоярова.
Катышуучу медаторлор көнүгүмдүн жүрүшүндө кызыкдар тараптардын арасында медиациялык жардамды жайылтуунун заманбап ыкмалары менен таанышып, ал эми ортомчулук иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрүн өркүндөтүү жана маалыматтык жолугушуу, медиация процедураларын өткөрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча маалымат алышты. Ошондой эле медиация мыйзамдарындагы инновациялар боюнча билимин жогорулатуудагы тажрыйбаларга практика жүзүндө катышышты.
Натыйжада медиаторлор алган билимдерин медиация чөйрөсүндө жигердүү ишти улантуу үчүн пайдаланууга түрткү боло тургнын билдишити жана 2023-жылга медиатордун жеке жана профессионалдык өсүшү боюнча иш-чаралардын планын сүйлөшүштү.
Эрлан Давлатов, Ош облусу