122.05.2023   11:40

Табигат кубулуштарынын терс таасириненби, же менчик мал көбөйүп кеткендиктенби жайыт жерлер такырланып бараткандыгы бүгүнкү күндүн башкы көйгөйү болуп олтурат.

Мал чарбачылыгы менен жашоо кечирген элеттиктер мындай жагдайга тынчсызданып жаткан кездери. Мындайда эл аралык уюмдар атайын долбоор тартып келип, элдин көйгөйүн чечкенге аракеттерди жасап жатышат. Алардын бири “Эрайым” АКБсы. Кыргызстандын бардык аймагын камтып, ондогон долбоорлорду тартып келип, элеттиктердин социалдык маселелерин чечкенге опол тоодой салым кошуп жаткан бул уюм Американын ELCA эл аралык уюмунун колдоосу менен “Жашообуз өз колубузда” жаңы долбоорун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында ишке ашыра баштады. Долбоордун мөөнөтү бир жарым жылга белгиленгени менен бул аймактын тургундары көп маселелерди жөнгө салып алууга мүмкүнчүлүк болот. Анын бири Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Жон айылындагы “Ынтымак”, “Ынтымак-1”, ”Периште-1”, “Ак-Канат” өз жардам топторунун катышуусунда окуу-көнүгүм өтүлдү. Аны дасыккан агроном-машыкчы Тойчу Маматов алып барды. Бул окуу-көнүгүм “Жердин такырлануу процессин алдын алууда жергиликтүү деңгээлдеги аракеттер” деп аталып, окуу-көнүгүмдүн катышуучулары жер кыртышы жана анын түрлөрү, жер кыртышын кантип сактап калуу керектиги боюнча маалыматтарды берди. Ал эми такырланып бара жаткан жер кыртышы малдын ар кандай дартын пайда кылары боюнча да айтып өттү.

2

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу