Донор уюмдун өкүлдөрүнүн иштиктүү сапары
11.04.2023 09:21
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорун колдоого алган Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун өкүлдөрү Клаудия Хиндерер жана Анна Ндиайе айымдар Базар-Коргон районунда болушуп, долбоор ишке ашырылып жаткан аймактардагы иш жагдайлар менен таанышышты.
Алар менен биргеликте “Эрайым” АКБнын жетекчиси Рахила Жусупова, долбоордун координатору Гүлнара Нурматова, уюмдун борбордук кеңсесинин кызматкерлери Алтынай Сабырбекова, Маматказы Капаров жана Абдылас Кошумбаевдер бирге болушту.
Германиялык айымдар адегенде райондогу Сайдыкум айыл аймагынын айымдары менен жолугушту. Дыйканчылыкка негизделген айылдын кыз-келиндери дагы да активдүү болуууга, өз жардам топторун түзүүгө жана дыйканчылыкты жакшы колго алууга кызыктар. Андыктан алар да долбоорго катышуу өтүнүчүн билдиришкен.“Эрайым” уюму негизги долбоордон сырткары быйылкы жылдын башында кошумча тартып келген “Жер энеге кайра кайтуу” туруктуу чарба жүргүзүү үчүн кадамдар” долбоору ушул айыл аймакта жүзөөгө ашырылмакчы. Аталган долбоор тууралуу бул жолугушууда кеңири маалымат берилди. Ал тууралуу кичи долбоордун координатору Маматказы Капаров кеңири түшүндүрмө берди.
Андан кийин ушул эле айыл аймакта иштеп жаткан “Достук” жана “Адилет” өз жардам тобунун талаасында болушту. Бул топто 21 кыз келин бар. Алар дээрлик дыйканчылык менен алектенишип, күнөскана иштетишет. Айыл аймактын жетекчилигинин колдоосу менен эки гектар жер аянтын бөлүштүрүп алышып, үстү жабык төрт, сыртта он эки күнөсканага бадыраң, помидор, болгар калемпиринин көчөттөрүн даярдашат. Топтун жетекчиси Мавлюда Иминованын айтымында өткөн жылы бүтүндөй Базар-Коргон районунун калкын жашылча-жемиштин көчөтү менен камсыздашты жана өздөрү да ири киреше табышты. Топтун ар бир мүчөсүнүн тапкан маянасы 50 дөн 70 миң сомго чейин жетти. Эми быйыл кошуна райондорго, облус борборуна алып чыгууга ниеттенип жатышат. Андан сырткары биогумус даярдоону да колго алышкан. Булардын өзгөчөлүгү биогумустун суюк турүн да чыгарып жатышат. Германиядан келген меймандар алардын ишине абдан кызыгышты жана тажрыйбаларын жайылтуу сунушун айтышты.
Долбоордун алкагында райондогу мектептерде уюшулган балдардын өз жардам топтору да өздөрү билим алган билим уяларында активдүү иш алып барышат. Жалпысынан 30 өз жардам тобу уюшулуп, 301 бала тартылган. БӨЖТ боюнча долбооррдун тирекчиси Азиз Орозалиев келген меймандарга атайын тренинг-сабак өтүү ыкмасын көрсөтүп берди. Райондогу Ахмадали Худайбердиев атындагы орто мектепте уюшулган БӨЖТ мүчөлөрү үчүн алдыга максатты кандай коюш керек, ал максатка жетүү үчүн кандай кадамдарды жасоо зарылдыгы боюнча SMART ыкмасында тренинг өттү.
Акман айыл аймагынын Жараке айылындагы өз жардам топторунун демилгеси, шыкактоо аракети менен айыл аймактын жетекчилигинин колдоосунда, башка эл аралык уюмдар тарабынан курулган ФАП менен да таанышып чыгышты. Бул жайда иштеп жаткан эки дарыгер жана алты орто медициналык кызматкерлер эми мындай жабдыктары да жаңы, имараты да жаңы жайда беш минден ашуун калктын ден соолугу үчүн кызмат кыла башташкан.
Долбоордун алкагында уюшулган эне мектептердеги билим-тарбиянын сапатын жакшыртуу багытында ресурстук борбор ачылган. Андагы тарбиячылар башка эне мектептеринин тарбячылары үчүн кезек-кезек атайын “мастер класстарды” өтүп турушат. Анда тарбиячылар балдардын табитине туура келген заманбап көрсөтмө куралдарды жасашат. Албетте, эң эле жөнөкөй, табигый буюмдардан жасалат. Меймандар бул борбордогу кезектеги сабактын жүрүшү менен да таанышып чыгышты. Тарбиячылардын чыгармачылыгы, алар жасаган кооздуктар кызыктырды.
Ал эми долбоор ишмердүүлүгүн баштаган жылдарда уюшулган ушул эле айылдагы “Жакшылык” өз жарам тобунун кыз-келиндери “Эрайым” уюму тартып келген кичи долбоорго да катышып, атайын долбоор жазышып, “Жакшылык” тигүү цехин ачышкан. Айылдагы каралбай калган имаратты иретке келтирип алышып, алар айылдыктар үчүн кызмат кыла башташты. Негизинен кызга сеп даярдашат. Ар кандай буюртмаларын да аткарышат. Азыр бул жайда бардыгы өз нугуна түшүп калды. Цехтин жетекчиси Назгүл Кутманованын белгилөөсүндө “топтун мүчөлөрү эми курактын түрлөрүн тиге башташты. Заманбап ыкмада унутулуп бара жаткан курактарды жасашып, кыз себине кошуп жатышат. Алар жасаган буюмдардын өтүмү жакшы. Баасы айылдыктардын капчыгына туура келет. Анан цехти кеңейтүү аракеттерин жасап жатышат”.
Ушул эле Акман айыл аймагында дагы бир кичи долбоор ишке ашырыла баштады. Ал экология темасына арналып, табигый кырсыктардын алдын алуу жана аны менен күрөшүүдө PACDR инструменти аркылуу коомчулукту каныктыруу жана катыштыруу. Бул жагдайда аталган айыл аймагында беш башкы көйгөй аныкталып, анын айланасында атайын топтор иш алып барып жатышат. Алар өздөрүнүн тандап алган көйгөйлөрү тууралуу маалымат беришти жана аны жөнгө салуунун жол жоболору жагдайында маалымат беришти.
Мындай жүрүштөн соң Клаудия Хиндерер айымдын оюн уктук. Анын айтымында “Кыргызстандын элет жериндеги айымдардын аракети,жакшы жашоого болгон умтулуулары, башкаларды да үндөп, өздөрү үчүн гана эмес, башкалар үчүн да жасап жаткан аракеттери жакшы. Аларды колдоо гана керек. Жалпысынан “Эрайым” АКБсы тартып келген долбоор жемиштүү жүрүп, элге жакшы пайдасы тийип жаткандыгын байкагандыгын билдирди.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу