107.04.2023  11:38

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү “Эрайым” АКБсы менен көп жылдан бери кызматташ болуп келет.

Аталган уюм тартып келген ири долбоор болуп эсептелген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган эне мектептер дээрлик райондук билим берүү бөлүмүнүн макулдугу менен ачылган. Себеби, райондо мектепке чейинки билим берүү жайлары жетишсиз. Айылдар түгүл район борбору Базар-Коргон шаарында да мындай жайга болгон муктаждык күч. Балдардын 40 пайызы гана бала бакчага барышат. Кичинекейлердин заманбап талаптын негизинде билим-тарбия алуусуна, миграцияда жүргөн ата-энелердин балдарын камкордукка алуу жана баланы ар кандай кооптуулуктан сактоо максатында бул уюм эне мектептерин ачкан. Азыркы кезде райондогу долбоорго кирген Акман айыл аймагы менен Базар-Коргон шаарында 33 эне мектеби уюшулуп, үч миңге чукул бала ага тартылган. Алдыда дагы Кеңеш, Сайдыкум, Бешик-Жон айыл аймакктарында ачуу аракеттери жүрүүдө.

Мындан сырткары долбоорго кирген мектептерде балдардын өз жардам топтору уюшулган. Андагы максат балдардын активдүүлүгүн жогорулатуу, балдарды лидерликке тарбиялоо, билим алып жаткан мектептеринде активдүү болуу, ар кандй маселелерди көтөрүп чыгып, аны жөнгө салуу аракеттерин көрүү, балдардын чыгармачылыгын арттыруу. Ушул жагдайда 30 БӨЖТ бар жана аларга 301 бала тартылган. Мына ушундай жагдайдан улам райондук билим берүү бөлүмү менен кызматташууну улантуу зарылдыгы бар. Аталган бөлүмдүн башчысы Сыргак Жалилов менен “Эрайым” АКБнын ортосунда меморандумга кол коюлду. Анда кызматташтыктын максаттары, алдыдагы аткарылуучу иш-чаралар белгиленген. Ал эки тараптын жооптуу өкүлдөрүнүн колу коюлгандан кийин юридикалык күчкө ээ.

2

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу