Абдылас Кошумбаев, PACDR усулу боюнча эксперт07.04.2023   11:08

Акыркы кездери дүйнө элин кооптондурган жагдай климаттык өзгөрүүлөр, табигый кырсыктардын күчөп баратышы. Дүйнөлүк алкактагы окумуштуулар мындай кубулуштардын сырын ачуу менен алек.

Ал эми кубулуштардын өзгөрүүсү, табигый кырсыктардын келип чыгуусунун алдын алууга жана аны менен күрөшүүгө жалпы коомчулукту тартуу зарылчылыгы бар экендиги да айтылууда. Мындай жагдайдан алганда эл аралык уюмдардын салымы бар. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ири долбоордон сырткы ар жылы кичи долбоорлорду да ишке ашырып келет. Быйылкы жылдын башынан тартып Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында “Климаттык кырсык жана коркунуч факторлорун жергиликтүү жамааттык талдоосу (PACDR)” кичи долбоорун ишке ашыра баштады. Аталган долбоордун эксперти Абдылас Кошумбаев менен болгон маегибиз ушул багытта жүрөт.

- Абдылас мырза, адегенде PACDR түшүнүгүн чечмелеп бериңизчи?

- PACDR деген бул жаңы түшүнүк. Анын чечмелениши климаттык кырсык жана коркунуч факторлорун жергиликтүү жамааттын талдоосу. Климаттын өзгөрүшү, аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана андан келип чыккан табигый кырсыктар дүйнө жүзү боюнча жакыр коомдоштуктарга зыян келтирүүдө. Климаттын өзгөрүүсүнүн кыйынчылыктарын жеңүүгө жардам берүү үчүн үч уюм FAKT менен бирге Климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын тобокелдигине баа берүү (PACDR) куралын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча иштешти. Ал Африка, Түштүк Америка жана Азия континенттеринде жүзөөгө ашырылып жатат. Мындайча айтканда, Африкада он бир, Азияда төрт, Түштүк Америкада беш мамлекетти камтыган.

- Кыргызстанга жаңы келип жатат да?

- Ооба. 2022-жылдын май айында PACDR процессин окутуу боюнча өнөктөш уюмдар үчүн эл аралык онлайн тренинг өттү. Ал эми ушул эле жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн PACDR куралын адаптациялоо аракеттери башталды. Биринчи PACDR процессин өткөрүү ушул эле жылдын ноябрь айында башталып, пилоттук аймак катары Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагы таналып алынды. “Эмне үчүн бул аймак пилоттук программа менен тандалып алынды?”- деген суроо туулушу мүмкүн. Ага жооп, бул айыл аймакта сел кырсыгы, клитаттык өзгөрүүлөр ачык байкалат экен. Тазалык маселеси да орчундуу, анын кесепетинен аба да бузулуп турат. Эгер бул инструмент аркылуу ушундай климаттык кырсыктардын алдын алууга коомчулукту тартуу жана талдоону алардын мүмкүнчүлүгүнө жараша койсок, башка аймактарда да аракеттер башталат.

 - Эмне үчүн климаттык тобокелдиктерди баалоо керек?

- Климаттын өзгөрүшү - дүйнө жүзүндөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Температуранын жогорулашы жана аба ырайынын өзгөрүшү учурдагы табигый, же техногендик, (адам тарабынан жаратылган, анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында) дагы коркунучтарды күчөтөт, же жаңысын жаратат. Биздин планетадагы эң жакыр адамдар да эң аярлуу. Алардын климаттын өзгөрүшүнүн жана башка табигый дагы, адам тарабынан жаратылган дагы ишмердүүлүгүнүн натыйжасындагы коркунучтардын кесепеттерин жоюу мүмкүнчүлүгү жок. Климаттын өзгөрүшү көптөгөн өнүгүү аракеттеринин туруктуулугуна коркунуч да туудурат.

- Мында PACDR инструментин тандоонун зарылчылыгы канчалык?

- Албетте, бул багытта өтө көп кеп салууга болот. Ал үчүн биз окурмандарды да окутуп, кеңири түшүнүк берүүбүз зарыл. Бирок, андай шарт жоктугунан кыскача түшүндүрмө берсем, эң башкысы динамикалык жагы, же иш жүрүп жатат, ар кандай шарттарга ылайыкташат. Андан кийин ийкемдүүлүгү, башкача айтканда, конкреттүү муктаждыктар үчүн модулдарды тандап, же бардыгын чогуу терең баалоо үчүн колдонсо болот. Бул инструментти ишке ашырууга коомчулуктун катышуусу башкы орунда турат. Себеби, баалоо процессинде бардык кызыктар тараптар ээлик кылууну жана натыйжалуу иш-аракеттерди камсыз кылуу үчүн идеалдуу түрдө көрсөтүлөт. Анан жөнөкөйлүк да керек. Айыл жерин биргелешип баалоо (МЧA - муктаждыкты чогуу аныктоо) инструменттеринин негизги көндүмдөрү бар коомдугу топтордун байланыштарын ийгиликтүү камсыз кылуучу адам үчүн түшүнүү оңой.

- Бул инструмент башка мамлекеттерде сыноодон өткөнбү, же тажрыйба барбы?

- Адбетте, эгер сыноодон өтпөсө, тажрыйба болбосо, аны кайрадан сыноого коюуга болбойт да. Жакшы сыналган. Бул курал жогоруда белгилеп кеткен үч континенттеги өлкөлөрдө колдонулган. Талаа тажрыйбасы жана сын пикир, анын актуалдуулугун жана практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Анан шыкактоо жана талам талашуу үчүн ылайыктуу. Бир эле аймакта бир нече PACDR климат жана кырсык коркунучу боюнча саясий маалымдуулукту жогорулатууга болот. Ошондой эле климатка адаптациялоо долбоорлорун каржылоону колдоо үчүн далил базасы катары да ылайыктуу.

- Ошондо эмне маанилүү?

- Жергиликтүү контекстти өз реалдуулуктары боюнча эксперт болгон жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү менен тыгыз изилдениш керек. Эркектер жана аялдар менен биргеликте иштөө. Жыйынтыктар гендердик айырмачылыктарды жана ар кандай гендердик чындыктарды эске алуунун кошумча баалуулугун көрсөтөт. Тышкы кызыктар тараптарды да тартуу. Адаптация үчүн негиз катары жергиликтүү жоопторду алуу. Агроэкология, климаттын өзгөрүшү жана кырсык коркунучу - аларды чогуу кароо керек.

- Бул инструментти ишке ашыруу үчүн Акман айыл аймагы пилоттук аймак катары тандалып алыныптыр. Аймактын коомчулугунун катышуусу, кабыл алуусу кандай болуп жатат?

- Албетте, эң жогору деп айта албасак да, жакшы. Биз өткөн жылдын ноябрь айында келип, инструмент тууралуу маалымат берип, анан эмне үчүн бул аймак тандалып алынгандыгына түшүндүрмө берип, айыл аймактын жетекчилиги, коомчулугу менен жолугуп, атайын тренинг өтүп кеткенбиз. Ошондо катышуучулардын активдүүлүгү бизди кубандырган. Алар ошол окутуудан кийин эле жергиликтүү көйгөйдү аныкташып, аны аткарууда топ түзүп алышкан. Мында алар сел кырсыгын алдын алуу үчүн сел каналдарын бетондоо, тазалоо иштерин алып барууга, абаны, айлана-чөйрөнү булгап жаткан таштандыларды иретке келтирүү үчүн таштанды урналарын жасоо, таштандыларды кайрадан иштетүүчү ишкана ачуу маселелерин аныктап алышкан.

- Анда кийинки кадамдар кандай болот?

- Албетте, бул маселелерди ишке ашыруу жергиликтүү тургундарга көз каранды. Алар активдүү болуулары керек. Биз багыт гана беребиз. Окутабыз, кеңеш беребиз. Калган маселе айыл аймактын коомчулугунда калды.

- Маегиңизге ыраазычылык.

 3

4

5

6

7

9

Маек курган Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу