ЮСАИД уюмунун өкүлү “Эрайым” уюму менен таанышты
31.03.2023 15:41
2023-жылдын 30-мартында “Эрайым” уюмунун Ош дубанындагы кеңсесине Кыргыз Республикасындагы ЮСАИД (USAID) эл аралык уюмунун өкүлү, демократияны өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адис Тара Нил айым келип жакындан таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Рахила Жусупова уюмдун кызматкерлери менен тааныштырып, уюм жана анын ишмердүүлүгү тууралуу кенээн айтып берди. Өз кезегинде Тара Нил айым дагы анын келген максатын айтып, ЮСАИД уюмунун программалары жөнүндө бөлүшө кетти.
“Эрайым” уюмунун программалык менеджери Гульнара Нурматова учурда аткарылып жаткан долбоорлорго токтол кетти, ал Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун компоненттеринен медиация ыкмасы менен кенээн бөлүштү.
Жолугушуунун алкагында ЮСАИД уюмунун өкүлү Тара Нил айым Кара-Суунун Шарк айыл аймагында уюшулган “Гүлбахор”, “Жаштар” ӨЖТнун биргелешкен тигүү цехине барып, ал жердеги ишкер айымдар менен баарлашып, алардын продукциялары менен таанышты. Андан соң, эне мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Кенжекул айылында жайгашкан “Радуга” эне мектебинине барышып, анын ишмердүүлүгү, иш-кагаздары жана шарттары менен таанышып кайтты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу