“Достук” спорт таймашы
31.03.2023 14:04
Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында жайгашкан №16-Абу Али ибн Сино атындагы орто мектепте жаш өспурумдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын-алуу багытында кичи “Достук” спорт таймашы болду.
Бул тууралуу балдар өз жардам тобунун тирекчиси Кыял Мамажанова билдирди.
Иш чара Ош облусундагы “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин кызматкерлери жана “Шарк” ӨЖТ биримдиги тарабынан уюштурулуп, ага аталган мектепте түзүлгөн “Достук” жана “ Ыйман-Нуру 1” балдар өз жардам топтору катышышты.
Бул спорттук оюн-зоок кызыктуу өттү жана балдар арасында ынтымакты, достукту, ошондой эле биримдикти чагылдырды. Спортук таймаштын максаты – жаштар, окуучулар арасындагы ынтымакты бекемдөө кылмыштуулукту алдын-алуу жана жаштарды спортко тартуу.
Таймаштын жыйынтыгы боюнча 1-орун “Достук” ӨЖТу, экинчи орун “Ыйман-Нуру 1” ӨЖТу ыйгарылды. Иш чара үчүн “Шарк“ ӨЖТ Биримдиги өз ортолук сактоолугунан 7000 сом акча каражатын бөлүп, балдарга фудболка жана кызыктыруучу белектерди алып беришти.
Эрлан Давлатов, Ош облусу