131.03.2023  11:34

“Сүрөт – жан дүйнө азыгы” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде уюшулган психологиялык көчмө клиникасынын алкагында ушул жылдын 28-30-марттарында долбоор аймагындагы №-117 Камил Маткеримов атындагы орто мектепте өткөрүлдү.

Аталган долбоор Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Сүрөт көргөзмөсүнүн максаты – жаш өспүрүмдөрдү сүрөт терапиясы аркылуу жан дүйнөсүн тазартуу, эстетикалык рахат тартуулоо, туура жолго багыттоо менен терс көрүнүшттөрдүн алдын алуу, балдарды жеке жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү болуп эсептелинет.

Иш чарага ата-энелер, балдар катышышты, ошондой эле “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Жусупова Рахиланын коштоосунда Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун өкүлдөрү Клаудия Хиндерер жана Анна Ндиайе айымдар дагы күбө болушту.

Бул көргөзмөнүн жаш өспүрүмдөргө тийгизген таасири чоң, анткени алар сүрөт тартуу аркылуу ой-жүгуртүүсүн жана гармоналдык өнүгүүсүн өрчүтө алышат, аны менен бирге алардын жаратылышка, жашоого болгон кызуугусу артат дейт, - долбоордун психологу Дилфуза Анарбаева.  

2

3

4

5

6

7

8

9

Эрлан Давлатов, Ош облусу