Дүйнөгө нан уюмунун өкүлдөрү Кара-Сууда конокто
31.03.2023 10:27
2023-жылдын 30-мартында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун өкүлдөрү Жакынкы Чыгыш, Кавказ, Борбордук Азия жана Түштүк-Чыгыш Европа бөлүмүнүн программалык менеджери Клаудия Хиндерер жана Анна Ндиайе Ош облусунун Кара-Суу районуна иш сапар менен келишти.
Аларды “Эрайым” уюмунун төрайымы Рахила Жусупова, программалык менеджери Гульнара Нурматова, уюмдун фандрайзинг жана өнүгүү боюнча эксперти Юлия Сухар жана башка кызматкерлер коштоп жүрүштү. Иш сапардын алкагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун ишмердүүлүгү менен кенээн таанышышты.
Адегенде коноктор Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак аймактарында долбоор тарабынан иш жүзүнө ашырылган иш-аракеттери менен таанышышты. Мында Учкун айылындагы “Максат” жана “Береке” ӨЖТнуна өткөрүлүп жаткан көнүгүмгө күбө болушту. Андан соң, “Тазагул” ӨЖТнун мөмө жемиш багбанчылык кичи ишкерлиги менен таанышышты. Шарк айыл аймагындагы Мачак айылында ачылган “Роза-Нур” эне мектебине барып “Карылардан акылман жомок” күнүнө күбө болуп, андан соң Кош-Таш айылында жайгашкан Абу али Ибн Сино атындагы №16-мектепке келишип, БӨЖТнун “Достук” спорттук иш чарасын көрүштү.
Күндүн экинчи жарымында Кызыл-Кыштак айыл аймагына болгон таанышууда Ишкаван айылындагы К.Маткеримов атындагы №117- мектебинде психолог тарабынан уюштурулган “Сүрөт – жан дүйнөнүн азыгы” аталышындагы балдар тарабынан тартылган сүрөт көргөзмөсүнө катышты. Күн бою иш-чараларга барып, аягында Ош шаарында өтүп жаткан Эне мектебинин кызматкерлери үчүн уюштурулган окуу көнүгүмүнө да күбө болушту.
Эрлан Давлатов, Ош облусу