Ортолук сактоолукту натыйжалуу иштеттүү ыкмалары
10.03.2023 11:45
ӨЖТнун ишмердүүлүгүндө мүчөлөрдүн ортосундагы акча каражаттарды (ортолук сактоолукту) туура жана натыйжалуу иштетүү жараяны маанилүү болуп эсептелет. ӨЖТнун мүчөлөрүнүн ортолук сактоолукту туура багытта иштетүүсүн камсыз кылган жана алардын дареметин көтөрүүгө багытталган көнүгүмдөрдүн байма-бай өтүлүп туруусу зарыл жараян.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Төлөйкөн, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактарында жаңы түзүлгөн 6 өз жардам тобуна “Ортолук сактоолукту натыйжалуу иштеттүү ыкмалары” темасындагы окуу көнүгүмү өткөрүлдү, Окуу Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында өткөрүлүп, ага ӨЖТнун 46 аял мүчөсү жана 1 эркек мүчөсү катышты.
Көнүгүмдүн максаты – топтордун ортолук сактоолугун натыйжасыз колдонуп же кайтарымсыз бөлүп алуусун алдын алуу жана сактоолуктан натыйжалуу ишкердикти баштоого болгон мүмкүнчүлүктөрдү, ийгиликтүү тажрыйбаларды сунуштоо.
Окуунун жүрүшүндө катышуучулар менен биргеликте ӨЖТнун жобосундагы ортолук сактоолук боюнча эрежелер жөнүндө талкуу уюштурулду. Талкуу учурунда жободогу жазылган эрежелердин туура жана так аткарылышы боюнча ар бир ӨЖТу талдоо жүргүздү. Ортолук сактоолуктан каражат жобонун негизинде, чогулуштун чечими менен топ мүчөлөрүнө берилиши жана ал сөссүз түрдө токтомдо жана эсеп китептеринде чагылдырылышы керек экендигин жергиликтүү тирекчи практикалык жактан көрсөттү. Мисал иретинде башка региондордогу топтордун сактоолукту натыйжалуу иштеткен иш тажрыйбалары сунушталды.
Өткөрүлгөн көнүгүмдөн кийин Нариман А\Адагы Осмон айылында “ Дарыгер” ӨЖТнун мүчөлөрү сактоолукту колдонушуп нан жасоо ишкердигин башташты. “Келечек” ӨЖТнун мүчөлөрү чучвара жана кесме жасоо ишкердиги менен алектенишип, ортолук сактоолуктарына керектүү жабдууларды сатып алышты.
Ал эми Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймагында уюшулган 3 ӨЖТ Биримдигине кире турган 3 өз жардам топбунун мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу боюнча «Биримдиктин ортолук сактоолукту натыйжалуу башкаруу ыкмалары жана тажрыйбалары» темасында окуу көнүгүмү өткөрүлдү. Окууга 63 катышуучу катышты. Бул көнүгүмдүн алкагында катышуучулар ӨЖТ Биримдигинин ортолук сактоолугунун жыйналышы жана анын натыйжалуу иштетүү, ӨЖТнун ортолук сактоолугу менен ӨЖТ Биримдигинин ортолук сактоолугунун айырмасы жөнүндө маалыматтарды ала алышты.
Окуу-көнүгүмдөрдүн соңунда катышуучулар суроолорду беришип, аларга канаатандырарлык жоопторду алышты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу