113.03.2023  11:26

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизги өзөгүн өз жардам топторунун ишмердүүлүгү түзөт.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы 3 ӨЖТнун Биримдиги жана 50 ӨЖТ мүчөлөрү биргелешип 1 күндүк тазалык өнөктүгүн өткөрүштү. Бул иш чараны өткөрүү үчүн ар Биримдик ортолук сактоолугунан 1000 сомдон 3000 сом, ал эми 50 өз жардам тобу 100 сомдон 5000 сом чогултушуп, жалпы 8000 сом акча каражатын жумшашты.

Топтолгон акча каражатка 300 таштанды баштык жана 150 даана кап сатып алышты. Өнөктүктүн катышуучулары жигердүү катышышып, чоң жолдун 15 чакырымын, ички көчөлөрдүн 6 чакырымын таштандылардан тазалашты. Мындай тазалык өнөктүгүн мындан ары дагы ар алты ай сайын өткөрүшүп тураарын топ мүчөлөрү убадалашты.

Иш-чаранын негизги максаты айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо, айылдын тазалыгын камсыздоо жана айыл тургундарын ушундай иш-аракеттерге тартуу аркылуу ынтымакка, биримдикке жана тазалыкка чакыруу, ошону менен бирге башкаларга үлгү болуу” дейт - ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева.

2

3

4

5

6Эрлан Давлатов, Ош облусу