Мамлекеттик Туу күнү
06.03.2023 10:36
2023-жылдын 3-мартында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнүнө” карата балдар өз жардам топторунун демилгеси менен “Кылымдарды карыткан кыргыз туусу” аталышындагы иш чара уюштурулду.
Иш чара Кара-Суу районунун Шарк айылындагы № 16-Абу али Ибн Сино жана Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы №117- Камил Маткеримов атындагы орто мектептеринде болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Кызыл-Кыштакта уюшулган “Ата-Түрк, “Мекенчилдер”, “Шамдагайлар”, “Өнүгүү” балдар өз жардам топторунун мүчөлөрү айылдын көчөлөрүн аралашты. Ал эми Шарк айылындагы “Ынтымак”, “Балажан”, “Барсбек”, “Кыргызстан”, “Навбахор” балдар өз жардам топторунун мүчөлөрү кенже класстагы балдарга кичинекей тууларды белек кылып тапшырышты.
Иш-чаранын максаты жаштарды мекенди сүйүүгө, этностор аралык достукка, ынтымакка жана биримдикке чакыруу болду. 14 балдар өз жардам тобунун 111 мүчөсү 30 сомдон акча чогултушуп, ага 4 чоң туу, 60 кичинекей тууларды 3330 сомго сатып алышты дейт - БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова.
Эрлан Давлатов, Ош облусу