Элдик жыйында маанилүү маселелер талкууланды
28.02.2023 10:47
2023-жылдын 24-26-февралында Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Турусбек Ногоевдин катышуусунда Мады, Шарк жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында элдик жыйындар өткөрүлдү.
Ар бир айылда өткөн жыйындарда айыл өкмөт башчылары 2022-жылга аткарылган иштер боюнча жоопчот беришти. Жыйынга “Эрайым” уюму тарабынан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, биримдигин жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган “Курманжан Датка”, “Шарк” жана “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдиктери дагы жигердүү катышышты.
Эскерте кетсек февраль айынын башында ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрү айыл өкмөттөгү коомдук угууларга катышып, өздөрү жашаган аймактагы эң көйгөйлүү маселелерди аныкташып төмөндөгү 9 сунушту жазуу түрүндө тапшырышкан:
Мады айылынан:
- Мады айыл аймагынын Мойдунов жана Ош-Гүлчө көчөлөрүнүн кесилишине жол чырактарын орнотуу.
- Мады айыл аймагында жаңы медиация ыкмасын жайылтуу жана айыл өкмөттүн бюджетинен акча бөлүп 3 жаранды окутуу.
- №97-Учкун жана №86-Курманжан Датка атындангы мектептерде «Кылмыштуулукту жана зордук-зомбулуктун алдын алуу» темасында 9-10-11-класстардын окуучуларына тегерек стол өткөрүү, ошондой эле маалыматтарды өспүрүмдөргө туура жеткирүү.
Шарк айылынан:
- Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын Кош-Таш көчөсүндө жоо адамдар басуучу жолдун четине таштанды жашыктарын орнотуу.
- Кош-Таш көчөсүнөн Шарипов көчөсүнө чеийнки кесилген жеринен баштап жөө адамдар басуучу жолду улантуу, №16-Абу Али ибн Сино, Хамза, Парпиев атындангы мектептерде «Кылмыштулукту жана зордук зомбулукту алдыны алуу» темасында 9-10-11-класстардын окуучуларына тегерек стол өткөрүү ошондой эле маалыматтарды өспүрүмдөргө туура жеткирүү.
- Шарк айыл аймагында жаңы медиация ыкмасын жайылтуу жана айыл өкмөттүн бюджетинен акча бөлүп 3 жаранды окутуу.
Кызыл-Кыштак айылынан:
- Осмонов Б. көчөсүнөн баштап Кызыл-Байрак көчөсүн бойлоп №127-кичи автобустун акыркы аялдамасына чейин жөө адамдар басуучу жол тилкесин чыгаруу.
- Ишкаван айлында жайгашкан №117-К.Маткеримов орто мектебинен чоң жолго чейин асфальт төшөө.
- Кызыл-Кыштак айыл аймагында жаңы медиация ыкмасын жайылтуу жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлүп 3 жаранды окутуу.
Жыйындардын жыйнтыгында район жетекчиси тиешелүү кызматтын жетекчилерине айтылган көйгөйлөрдү чечүүнү буйруду дейт – ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева.
Эрлан Давлатов, Ош облусу